Жаз менен жанаша келаткан 8-март майрамынын салтанаты Ош мамлекеттик юридикалык институтунда бүгүн 7-мартта студенттердин кызуу куттуктоосу менен башталды. Бул тууралуу ОшМЮИнин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган жогорку окуу жайдын алдындагы юридикалык коллеждин таланттуу студенттери устат эжекелерине «Аялзатына таазим» аттуу атайын концерттик программа тартуулап, алардын маанайын көтөрдү. Мында аялзатынын улуулугун жана ыйыктыгын даңазалаган ырлар жаңырып, устат эжекелерине жылуу сезимдер ыроолонду. Көтөрүнкү маанайдагы аялдарга окуу жайдын студент жаштары ак тилегин айтып, майрамдык белектери менен гүлдестелерин беришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ