Бүгүн, 9-мартта депутат Таалайбек Масабиров Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында Бишкектеги ВДНХнын абалына токтолду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Анын маалыматы боюнча Бишкек шаарындагы ВДНХ павильону 1974 жылы курулган. Анда кыргыз элинин тарыхы чагылдырылган. Ошону менен катар бир катар тармактардагы, анын ичинде айыл чарбасы боюнча жетишкендиктер боюнча көргөзмөлөр коюлуп турар эле.
Бүгүнкү күндө болгон көргөзмө-жарманкелердин баары Спорт ордосунда өтөт. Бул жайда спорттук иш-чаралар, концерттер өткөрүлүп келет. “Андыктан, ВДНХны капиталдык ремонттон өткөрүп, көргөзмөлөрдү уюштурсак болот эле. Болбосо, ар кандай меймандар келгенде көргөзө турган жайларды ойлонуп калат экенбиз”,- дейт ал.
Депутат Алмазбек Эргешов Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында калктын саны өсүп бара жаткандыгын айтып, шаардын канализация, таштанды таштоочу жайы боюнча көйгөйлөрүн тизмектеп, аткаруу бийлигин район борборунун көркөмүн жакшыртууга үндөдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ