Булуттан чыккан айга окшоп, анда-санда көзгө урунуп, анча- мынча маселе көтөрө койгон Марат Аманкулов кайрадан парламенттин горизонтунда пайда болду. Президент Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин биp нече айдан берки тирешине кулак салганы болбосо, үн катпай келди эле ажонун “КСДПда тазалануу жүрөт” дегенин угаары менен жанданып “мен бармын” дегендей ишарат кылды. Түз эле: президенттик шайлоого чейин аз эле убакыт калды. Президенттик шайлоо татыктуу өтсүн, митинг, пикеттердин элге кереги жок. Президентибиз ачуу сындарды айтып жатканы айрымдарга жакпай жатат. Элдер президентти ачык эле сындап, ага жалаа жаап жатышат”, – деп күпүлдөп алды. Мындайды “took туурунда какылдайт” дечү беле?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ