Бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация мүчөлөрү Пакистанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөдөгү кыргыз элчилигинде болуп, кыргыз жарандары менен жолугушту. Бул тууралуу КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы маалымадады.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков мекендештерге парламенттин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, былтыр өткөрүлгөн референдум жана анын жыйынтыктары жөнүндө учкай кеп кылды. Ошондой эле элчиликтин иши менен таанышып жатып: “Чет жердеги дипломатиялык мекемелердин баары Кыргызстандын жүзү болуп саналат. Андыктан, элчилер жана дипломатиялык кызматкерлер өлкө кызыкчылыгынын негизинде, мамлекеттер аралык достукту жана кызматташтыкты чыӊдоого аракет кылышы зарыл”,- деди Чыныбай Турсунбеков.
Мындан сырткары, делегация курамы Пакистандагы мекендештердин абалы тууралуу маалымат алышты.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Абдумажит Юсуров, Мухтарбек Айнакулов, Нургазы Нишанов, Кубанычбек Нурматов, Дүйшөн Төрөкулов жана Эмил Токтошев бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ