Menu

Болот Шер менен Садык Шер неге эки тарапка ойноп жатышат?

Бөлүшүү:

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев камакка алынары менен  колдоочулары  митингдерге улам чыгып, тарапкерлеринин саны күндөн-күнгө өсө баштаган.  Анан эле “жалп” этип өчкөн оттой болуп, колдоочулары кескин кыскара баштады. Митингдердин алдыңкы катарында жүргөн “Жаңы муунчулар”  Адил Турдукулов, Тимур Саралаев, Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза, Дайырбек Орунбековдор да көрүнбөй калышкан. Көрсө митингдин жалындуу алып баруучусу болуп жүргөн Адил Турдукулов баштаган “Жаңы муунчулар” 28-февралда митингден кийин “Ата-Мекен” партиясынын штабына барышып, партиянын төрагасынын (Текебаевдин) орун басары Болот Шерди тажрыйбалуу саясатчы дешип акыл сурашып, мындан аркы митингдердин, күрөштүн тактикасын тактап алууга аракет кылышат.  Ал эми Болот Шер саясый күрөштүн тактикалары боюнча  акыл-насаат айтуунун ордуна “Жаш муунчуларга” мурду менен бир тийип “ Эмне эле митингдерге чуркайсыңар? Митингдерден башка кылар ишиңер жокпу?  Андан көрө китеп окубайсыңарбы, билим албайсыңарбы! Менин уулум менен кызым мына, чет өлкөдөн билим алышып, экөөсү тең чет өлкөдө калышты. Уулум айына 16 миң доллар айлык алып, чет өлкөлүк фирмада иштейт.  Кызым Америкада  эл аралык кинофестивалдарды уюштуруп, миңдеген доллар айлык табат. Силер болсо митингдерде жүрүп эмне таптыңар?  Эмне силерге митинг  нан таап бермек беле? Анда көрө үйүңөргө барып, китеп окугула! Мисалы Булгаковдун “Мастер жана Маргарита” деген китебин окугула!”  деп  бакылдайт.  Атамекенчилерден көңүлдөрү суу сепкендей сууган “жаш муунчулар” ошо бойдон “Мастер жана Маргаританы” окуганы кеттик” деп Текебаевди колдогон саясый акцияларга жолобой калышыптыр.

Ал эми “Ата-Мекен” партиясы “Текебаевдин камакка алынышынын  себеби анын колунда Дача Суда кулаган самолеттогу кандуу жүктүн ээси Атамбаев экендигин далилдеген документтер бар болчу, Текебаев ошол документтерди жарыялап жибербесин деп алдын-ала камап салышты деп жарыялады. Андан кийин эле абакта жаткан партиянын лидери да ушул версияны айтып абактан үн катты.  Бирок, партия менен анын лидеринин сөзүнө шек жаратып, партиянын дагы бир мүчөсү, депутат Садык Шер “Мен Дача СУдагы кандуу жүктүн ээси Атамбаев экенине ишенбейм”  деп жарыя салды.

Эмне үчүн бир туугандар Болот жана Садык Шерлер бир бийлик тарапка, бир Текебаевге тарапка ооп, эки тарапка ойноп жатышат?  Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү Максим Бакиевдин 3 миллион доллардык кыймылсыз мүлкү  брюнча же “Манас” кинотеатры боюнча бийлик Шерниязовдорду  мародер кылып камап салат деп чочулашабы?

Эмесе “Ата-Мекенди” ичинен иритпей арыдан бери болуп, алигиче же атамекен тарапка же бийлик тарапка токтолуш керек эле да.  Эгер атамекен тарапка токтолсо, аларды көрүп калган атамекенчилер бир муштумга түйүлмөк. Антпесе Текебаев камалганда түйүлгөн муштум азыр жайылып кетти. Ошондуктан Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева кечээги Бишкек шаардык сотто Текебаевдин баш коргоо чарасын абакта калтыргандандан кийин “Ата-Мекендин” штабына келип “Өмүрбекти бийликтин чеңгелине жалгыз калтырып, баарыңар басып-басып тарап кеттиңер” деп өксүп ыйлады.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: