Menu

Януковичтин иши Киев сотуна жөнөтүлдү

Бөлүшүү:

Украинанын экс-президенти Виктор Януковичке карата Киев сотторунун биринде сырттан өкүм чыгарылат. Мурдагы мамлекет башчы 2014-жылы Евромайдан деген ат менен белгилүү болгон нааразылык акцияларынан кийин Орусияга качып кеткен. Мекенинде ал мамлекетке чыккынчылык кылууга жана өлкөнүн бүтүндүгүнө бүлүк салууга шектелип жатат.

Иш боюнча Орусия Мамдумасынын Украинага көчүп кеткен мурдагы депутаттары — Илья Пономарев менен Денис Вороненков көрсөтмө беришкен. Януковичтин күнөөсүн далилдеген материалдардын арасында анын үч жыл мурда Орусия президенти Владимир Путинге жолдогон катынын көчүрмөсү бар. Анда мурдагы украин лидери орус мамлекет башчысынан өлкөгө Орусия аскерлерин киргизүүнү өтүнгөн. Кезинде ал документти БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусиянын уюмдагы туруктуу өкүлү, маркум Виталий Чуркин көрсөтүп, окуп берген. Бирок азыр Кремль Януковичтен андай кат албагандыгын билдирүүдө.

Мурдагы президентти жактагандар аны мамлекетке чыккынчылык кылуу иши боюнча сырттан соттоого мыйзамдуу негиздин жок экенин билдиришүүдө. Жактоочу Виталий Сердюктун айтымында, Януковичке кылмыш иши боюнча шектелип жаткандыгы тууралуу кабар берилген эмес жана ал украин тергөөчүлөрүнүн катышуусунда Орусиянын аймагында суракка алына элек.

Экс-президент мамлекетке чыккынчылык кылуудан тышкары дагы беш кылмыш ишинде айыпталуучу катары өтүүдө. Ал Евромайдан маалында украин жарандарын өлтүрүүгө, мамлекеттик мүлктү өздөштүрүп алууга, бийликти Конституцияга туура келбеген жол менен басып алууга айыпталып жатат. Башкы прокурор Луценконун айтымында, мамлекетке чыккынчылык кылуу иши боюнча мурдагы президентке карата өкүм быйыл чыгарылат. Эгер ал күнөөлүү деп табылса өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: