Menu

Электр энергиясындагы жоготуулар келип-келип эле элдин чөнтөгүнө күч болуп жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер саатында” шайлоочулардын  социалдык-экономикалык көйгөйлөрү көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Жылдыз Мусабекова Нарын облусунда кыш катуу болуп, Ат-Башы районундагы Өзгөрүш, Ак-Муз, Ак-Моюн айылдарында борошологон кардын бийиктиги 2 метрге жетип, абал кыйын болуп жатканын маалымдады. Депутат бийлик органдары тарабынан кандай жардам берилерин сурады. Мындан сырткары, Ж.Мусабекова Өкмөттөн Памир кыргыздарынын Алай, Нарын жергесине көчүрүп келип, жайгаштыруу иш-чараларынын планын берүүнү өтүндү.

Эл өкүлдөрү Чүй облусунун райондорунун шайлоочулары менен болгон жолугушууларда мектеп директорлору бир катар көйгөйлөрдү көтөрүшкөн. Депутат Бакирдин Субанбековдун айтымында, бир топ мектептерде балдардын саны абдан көп болуп, 3 нөөмөт менен окуп жатат.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Атай, К.Маркс айылдарында таза суу көйгөй жаратып, жергиликтүү эл арыктан суу ичип келет. Тогуз-торолуктардын таза суу жетишсиздигин депутат Бактыбек Райымкулов КР Өкмөтүнө багыттады.

КР транспорт жана жол министри Ж.Калилов Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары кызматына таанышы Сатыгулов Жоробаевди алып келген. Анын бул кызмат ордуна эч кандай тажрыйбасы жок. Бул тууралуу Кыргызаэроновигация мекемесинин кызматкерлери депутат Мурадыл Мадеминовго кат менен кайрылган.

КР Өкмөтү элди турак-жай менен камсыз кылуу үчүн бир топ аракеттерди көрүп жатат. Мындай жагдайга токтолгон депутат Мирлан Бакиров документ топтоодогу бюрократиялык тоскоолдуктар менен ипотекалык насыянын пайыздык ченинин жогорулугу маселе жаратып жатканын айтып, андан улам бир топ жарандар ипотекалык насыя алуудан баш тартып жатканын баса белгиледи. Мындан сырткары, депутат жол тармагына келип жаткан инвестициялык каражаттардын пайдаланылышы боюнча тармактык комитетте маселе кароо зарылдыгын айтты. Ошону менен катар электр энергиясындагы жоготуулар келип-келип эле элдин чөнтөгүнө күч болуп жатканын билдирип, бул көйгөйдү дагы тармактык комитетте карап, жыйынтык чыгаруу керектигин кошумчалады.

Депутат Наталья Никитенко шайлоочулардан келген арыздардын көпчүлүгү сот чечимдерине болуп жаткандыгын айтып, элдин сотторго болгон ишеними түгөнүп баратканан коңгуроо какты.

Дүйнө жүзүндөгү климаттын өзгөрүшү менен өлкөбүздө дагы табыгый кырсыктар, мөңгүлөрдүн эрүүсү арбып барат. Бул көйгөй менен күрөшүүдө дүйнө жүзүндө атайын фонддор түзүлгөн. Башка өлкөлөр бул фонддон каражат алып, экологияны сактоого батыл киришүүдө. Депутат Аалы Карашев мындай олуттуу маселени көтөрүп, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин макамын көтөрүп, экологияны сактоо иштерине ыкчам киришүүнү Өкмөткө сунуш кылды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: