Бүгүн, 18-мартта КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери ишембилик өткөрүштү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын кызматкерлери бак-дарактарды акиташ менен сырдоо, башкы имараттын айлана-тегерегин таштандылар менен икир-чикирлерден тазалоо жана бак-дарактардын былтыркы жылдан калган жалбырактардан тазалашты.
Облус аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин талаптагыдай өткөрүү максатында КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин 3 айлыкты өткөрүү боюнча атайын буйругу чыккан. Ага ылайык облустун район-шаарларында жана айыл аймактарында көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун 3 айлыгын өткөрүү боюнча иш-чаралар иштелип чыгылган. Атайын белгиленген жайларга жана көчөлөрдүн бойлоруна баалуу бак-дактарды олтургузуу иштери дагы мерчемделген.
– Бүгүн облустук мамлекеттик администрациянын жалпы кызматкерлери атайын ишембилик өткөрүп жатабыз. Мамлекеттик кызматкерлер өздөрү иштеп жатышкан имараттын айлана-тегерегин талаптагыдай тазалап иретке келтирүү максаттарын коюшкан. Бул багыттагы иш-аракеттер облустун аймагындагы бардык район-шаарларда, айыл аймактары менен ар бир мекеме-уюмдарда жана ЖОЖдор менен мектептерде дагы жүргүзүлүп жатат. Тазалык бар жерде тартип бар экендигин жадыбыздан чыгарбоого тийишпиз,- дейт ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ