Menu

Forbes: Былтыр казакстандык миллиардерлердин төртөөсүнүн байлыгы көбөйгөн

Бөлүшүү:

Forbes журналы жарыялаган дүйнөдөгү эң бай адамдардын кезектеги тизмесине казакстандык беш миллиардер кирип, былтыр алардын төртөөсүнүн байлыгы көбөйгөн.

Рейтингде Казакстандын эң бай адамы катары өлкө президентинин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Булат Утемуратов көрсөтүлгөн. Анын байлыгы журнал тарабынан быйыл да 2,3 миллиард долларга бааланган.

Өлкөдөгү экинчи бай адам «Казакмыс» корпорациясынын мурдагы башчысы Владимир Кимдин байлыгы 2,1 миллиард долларды түзгөн. Бул анын былтыркы көрсөткүчүнөн 600 миллион долларга көп. Ошол эле экинчи орунга президент Нурсултан Назарбаевдин кызы менен күйөө баласы Динара жана Тимур Кулибаевдер жайгаштырылган. Алардын да байлыгы 2,1 миллиард долларга бааланып, бир жыл ичинде 100 миллион долларга көбөйгөн.

Журналдын рейтингиндеги акыркы казакстандык, ERG компаниясынын ээлеринин бири, “Евразия банкынын” президенти Алижан Ибрагимовдун байлыгы 1,9 миллиард долларга жетип, бир жылдын ичинде 300 миллион долларга өскөн.

Төрт жыл катары менен дүйнөдөгү эң бай адам деп Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс аталып келет. Анын байлыгы акыркы бир жылдын ичинде дээрлик 10 миллиард долларга көбөйүп, 86 миллиард долларга жеткен.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: