Menu

Ливия лидери Муаммар Каддафинин акыркы сөзү

Бөлүшүү:

“НАТОдогу кишилер, силер уккула! Силер африка миграция агымын Европага өткөрбөгөн тосмону, «Аль-Каида» террористтерин токтотуп турган дубалды бомбалап жатасыңар. Бул дубал Ливия болчу!” деп Муаммар Каддафи акыркы сөзүн айткан. Эми азыркы учурда анын акыркы сөзү дал келип, Европага болгон миграция болуп көрбөгөндөй күч алды.Терроризм күч алды. Бул агым акырындап Европанын жок болушуна алып барат.

Ливия лидери Муам­мар Каддафинин өлтүрүлүшү соңку жаңы тарыхтагы эл аралык укуктун эң одоно бузулуштарынын бири болуп эсептелет. Аме­рика өкмөтү менен НАТО мамлекеттери эгемендүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишти жана аны бүгүнкү күндө террористтердин жыйнактуу жашаган жери болуп калган, аты бар, заты жок Ислам мамлекетине айландырышты. Каддафини бүт Африканы Батыштын көз карандылыгынан куткарып жана жаңы валюта – Африка алтын динарын түзүүгө ниеттенип, аракеттеги валюта системасына чакырык таштагандыгы үчүн өлтүрүшкөнү жалпыга маалым. Ал нефтини, биз бардыгыбыз бүгүнкү күндө мажбур колдонуп жүргөн түшүнүксүз долларга эмес алтынга сатууга ниеттенген. «Менин ага-ини жана эже-карындаштарым! Бүгүнкү күн мен үчүн кубанычтуу да, өкүнүчтүү да. Менин чоң атам мындан көп жыл мурда ушул күнү Аль-Гадабиядагы салгылашууда жүздөгөн  ливиялыктар менен бирге баатырларча шейит кеткен. Учурда бир кылымдай өткөн соң, Италия кайрадан арам ой менен биздин жерге келип отурат. Бүгүн бул жөнүндө эскерүү мен үчүн кайгылуу. Мен муну унутууну тилек кылган болчумун. Мен Берлускониден сурагым келет, «Сильвио, сен көп жолу айткан биздин достугубуз канакей? Достук жөнүндө көп айткан Италия парламенти каякта? Силер бардыгыңар каяктасыңар?» Италия ливиялыктарды аябай ызалантты. Ливиялыктар Италияга абдан капа, жана менде аларга ыза менен таарынычты сыноого тыюу салууга укугум жок. Италиялыктар бизге «биз достукту каалайбыз жана достошобуз» дешкен. Алар калп айтышты. Кечээ Италия Сиртти бомбалады. Өзүлөрүн ме­нин досторум деп санаган Кытайдын, Россиянын, Нигериянын, Түштүк Африканын, Португалиянын лидерлери, мен силерден сурап жатам: БУУнун 1973-жылдагы резолюциясында эмне жөнүндө сөз жүргөн? Анда «учууларсыз зона» орнотууга жол берилгенби, же ливиялыктарды жок кылууга «бата» берилгенби? Ливияны токтотпостон азапка салып келишет. Бизди нефтиден ажыратышып, портторду жардырышып, үйлөрдү бомбалашып, элди азык-түлүк менен камсыздоону токтотушуп, башка мамлекеттердин өкүлдөрү менен сүйлөшүулөр жүрүп жаткан залдарды жардырып жатышат. Мунун бардыгы «учууларсыз зона» деп аталат. Мен мурда «учууларсыз зона» – бул эки тараптын да самолёттору учпайт деп түшүнчүмүн. Корсө бул, Ли­вия самолеттору гана учпай, а силердики кайда кааласа учуп, эмнени кааласа бомбалайт турбайбы. БУУнун уставы жана чечими эмне жана эмне үчүн? Резолюция эмне үчүн кабыл алынган? Самолетторду токтотуу үчүнбү же ливиялыктар­ды ачарчылыктан кыруугабы? Каерде, кайсы резолюцияда «өлтүрүүгө болот» деп айтылган? Каерде «байланышты жа­на суу түтүктөрүн  кесип салууга болот» деп айтылган? Каерде? Мен суранганды жакшы көргөндөрдөн эмесмин, адатта менден суранышат жана мен баш тарткан эмесмин. Бирок, азыр мен бүт дүйнөдөн суранам: дүйнө биздин добушубузду да утушу үчүн, биз отуруп, көпчүлүк алдында жана ачыктан-ачык сүйлөшүүбүз керек. Мен суранам, Владимир Путин, жеке сизден ортомчу болууңузду суранам. Мен ишенем, сиз муну жасай аласыз. Сиздин бомбалоону токтотуунун зарылдыгы жөнүндөгү сөздөрүңүз жаңырганына биз кубанычтабыз, бирок «Аль-Ка­ида» эл аралык мыйзамдарды жек көрөрү жалпыга маалым эмеспи. Мен сизден суранам: мен жарашуу жарыялаган соң ким ок чыгарарын караңызчы. Бир тарап гана ок чыгарууну токтоткондо эч качан тынчтык болбойт. Ливиялыктар эч убакта өз ара согушкан эмес. Азыр жүрүп жаткандар граждандык согуш эмес, бул Ливияга каршы согуш. Мен дүйнө коомчулугунан суранам: келиңиздер, граждандык объекттерди бомбалоону токтотуу үчүн бүт баарын жасаңыздар. Бул жерде согуштун эч кимге кереги жок. Ливиялыктар – менин балдарым, ливиялыктар мени менен согушушпайт жана мен да алар менен согушпайм. Карагылачы, биз өзүлөрүнүн оор эмгеги ме­нен иштеп тапкандарын бүт жоготкондорго жардамдашып жатабыз. Мен Африка Союзунун лидерлеринен Адждабияда болуп жана ал жерде кимдер бизге каршы согушуп жатышканын карап көрүүлөрүн суранам. Эмне үчүн Афганистан, Тунис, Египет жана башка өлкөлөрдөн келгендер өздөрүн адждабиялык кылып көрсөтүшөт? Бул шаарды ээлеп алгандардан куткарыңыздар!

Эми НАТОдогу кишилер, силер уккула! Силер африка ми­грация агымын Европага өткөрбөгөн дубалды, «Аль-Каида» террористтерин токтотуп турган дубалды бомбалап жатасыңар. Бул дубал Ливия болчу. Силер аны талкалап жатасыңар. Си­лер – келесоосуңар. Африкадан миңдеген мигранттар үчүн, «Аль-Каиданы» колдогонуңар үчүн силер тозок отунда күйөсүңөр. Дал ушундай болот. Мен калп сүйлөгөн эмесмин. Азыр да калп сүйлөгөн жокмун. Силер төрт катачылыкка жол бере көрбөгүлө. Силерге эч кандай бомбалоо да жардам бере албаган төрт катачылык. Биринчиси: Ливиянын ички турмушу, анын түзүлүшү. Бул маселени ливия эли гана чече алат жана чечет. Эсиңерде болсун: силер эмес, мен да эмес, эгер кааласа ливи­ялыктар өзүлөрү гана өзүн-өзү башкаруу системасын өзгөртө алышат».

Булак: “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: