Menu

Орокто кайрадан ок атылып, бир киши жарадар болду

Бөлүшүү:

Бишкектин четиндеги Орок айылында жергиликтүү тургундар чырдашып, ок чыгарганга чейин барышты. Бир киши жарадар болгонун күч органдары расмий билдирди. Бул факт Ленин райондук Бишкектеги ички иштер бөлүмүнүн журналына катталган. Ал эми Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы бул окуяны тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

Алардын айтымында, 29-сентябрдан 30-сентябрга караган түнү он чакты киши чатакташа кетип, ок чыгарышып, бир киши ооруканага жеткирилген. Түндө айылга кирген жол жабылып, милициялар кайтарып чыгышты. Учурда абал туруктуу.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 7-июлунда эртең мененки орозо айттан кийин жаш балдар мушташып, чоң ызы-чуу болгон эле. Анда “Тентектик” боюнча кылмыш иши козголгон. Жаш балдардын мушташы күчөп, жүздөгөн кишилер көчөгө чыккан. Натыйжада 15 үйдүн терезелери талкаланып, бир саманкана күйүп кеткен. Ал окуяга бир нече автобустар менен милициялар, ИИМ министри Кашкар Жунушалиев да барып, 25-30 киши Сокулуктун милиция бөлүмүнө жеткирилген. Окуядан улам, Чүй облусунун өкмөт өкүлү Туйгунаалы Абдраимов журналист кызга одоно сөз айта коюп, кызматтан кеткен.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: