«Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деген айып менен кармалган оппозициячылардын соту белгисиз мөөнөткө калтырылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Саясий туткундарды коргоо комитети” уюмунун өкүлү Зулфия Марат билдирди. Анын белгилешинче, судья ооруп калганын айткан жардамчы сот отуруму кийинкиге калганын билдирген. Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Элдик парламент” уюмунун төрт мүчөсү Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана Эрнест Карыбековдун соту болмок. Алар бийликти күч мен басып алууга аракет жасаган деген шек менен 2016-жылы УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийин Сарыгуловдун баш коргоо чарасы ден соолугуна байланыштуу өзгөртүлүп, ал үй камагына чыгарылган. Адвокаттар камактагы саясатчыларды бошотууну, ал эми айыптоочу тарап аларды 12-22 жылга эркинен ажыратууну соттон суранууда. “Азаттык” Биринчи Май райондук соту менен байланышканда, соттук процесс жабык өтүп жаткандыктан эч кандай маалымат берилбесин айтышты. Буга чейин тараптарга жарыш жана акыркы сөз берилип бүткөнүн адвокаттар айткан.
Булак: “ПолитКлиника”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ