Menu

Принцип кайда, блогер-полковник?

Бөлүшүү:

Аз күн мурун полковник Алымжан Козубаев «Конгантиевден колуңарды тарткыла!» деп Фейсбугундагы баракчасына пост жазыптыр. Аны көргөн генералдар, полковниктер, жадагалса журналисттер да арты менен күлүп атышат… Алыс кетпейли, 2010-жылдагы революциядан кийин Бишкек ШИИБсине начальник болуп келген Турат Мадылбеков дал ушул Алымжанды бош жүргөн жеринен чакырып, өзүнө орун басар кылып алганын биз жакшы билебиз. Ага чейин Конгантиев кызматынан Козубаевди кубалап жиберген. Элдик полковник Мадылбеков ак көңүл да, убагында Алымжанды Октябрь РИИБсине ишке алганын, жөлөп-таяганын эстеп, бир чети партиялашы, кайнатасы Ташболот Балтабаевдин күйөө баласы үчүн өзүнө орун басар кылып атпайбы. Турат байкенин дал ушундай жакшылыктарын унутуп, бүгүн болсо «көчүгүн бураган» Конгантиевди мактап атканын көргөндөр жерге түкүрүнүшүп, баш чайкап турган кербездери. Айланайын блогер Алымжан, сүйлөсөң «тилиң беш метр», бирок, принцип, адилеттүүлүктү тебелесең, урмат-сыйдан кетип калбайсыңбы?..

Булак: “Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: