Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу Максат Тентимишев 28-майда HNA Aviation Investment Group компаниясынын башкы директору Чэн Минцюн менен жолугуп, кытай тарапка “Кыргызстан” авиакомпаниясынын 49 пайыз акциясын сатып алууну жана анын базасында биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады.
Жолугушуунун жүрүшүндө башкы консул Хайнань авиакомпаниясынын учактары “Манас” аэропортун транзиттик жай катары пайдаланса боло тургандыгын белгиледи.
Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жаңы аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулашты. Хайнань авиакомпаниясынын өкүлдөрү Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча каттамдарды аткарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жыйынтыгында кытай тарап сунушту жакшылап карап чыга тургандыктарын айтышты.
Учурда “Кыргызстан” авиакомпаниясынын 100% акциялары мамлекетке таандык. Өкмөт буга чейин да өлкө бюджетин толуктоо үчүн ишкананы сатууга аракет кылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ