Бүгүн, 22-февралда белгилүү оппозициячыл журналист Турат Акимов маалымат жыйынын өткөрүп, аны өлтүрүүгө болгон акыркы кол салуунун заказчиги КР Ички иштер министри Мелис Турганбаев экенин жарыялады. Эсиңиздерге сала кетсек, 20-февралда түнкү саат 12лерде Бишкек шаарынын Сыдыгалиева көчөсүндөгү үйүнүн жанында Турат Акимовдун башына арматура менен чаап өлтүрүүгө аракет кылган белгисиз адам качып кеткен. Турат Акимовдун айтуусунда ага чейин ал КР Ички иштер министри Мелис Турганбаев кабыл алуусунда болуп, министр бийликти сындаганы үчүн кыйытма түрдө коркуткан. “Эгер киллер 1 айдын ичинде өлтүрүлбөсө, анда мен сиз экөөбүздүн ортобуздагы сөздүн стенограммасын ачыкка чыгарам. Ал эл аралык жаңжалга алып келет”, – деди Турат Акимов.
https://www.youtube.com/watch?v=Ev4n85i4J7I
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ