Menu

Кудрет Тайчабаров: “Ташкендеги футзал боюнча мелдеште өзбектер “Кыргызстан!” деп үндөрү бүткөнчө кыйкырып, биздин команданы катуу колдоп турушту”

Бөлүшүү:

Белгилүү журналист Кудрет Тайчабаровдун Ташкенде өткөн футзал боюнча Азия биринчилиги тууралу кызыктуу постун сиздерге сунуш кылабыз.

“Ошентип мен калтырбай көрүп отурган футзал боюнча континент биринчилиги Өзбекстандын Ташкент шаарында жыйынтыкталды. Футзал боюнча Кыргызстан курама командасы Ташкентте жакшы оюн көрсөтүштү. Вице-чемпион аталган өзбек топ тепкичтери менен өз тобунда 1-орун үчүн катуу кармашса, плей-оффто ушул турнирдин чемпиону болчу Иранга туш келип калып гана ыргыды. Эгер Иран эмес башка команда туш келгенде байгелүү орунга илешээри айдан ачык болчу. Иран командасы дүйнөдөгү күчтүү командалардын бири. Алар Италия, Бразилия, Испания командалары менен тең ата ойношот. Аларда акча көп болгондуктан, футболчулары футболчу болуп иштеп, ошону менен бай жашашат. А бизде эмне, футболчулар негизги жумушунан чыгып, кечинде машыгууга барып, үй-бүлө багып ар кайсы түйшүктөр менен алаксып футболго толук көңүл кое албайт. Ошол себептен катуу кете албай жатабыз. Эгер башка өлкөлөрдөй болуп мамлекет катуу көңүл бурганда биздин жигиттер деле өзбек футболчуларынан кем калбай ойномок. Мен бир көпчүлүк билбеген окуяны ачыка чыгара кетейин. Бир ирет биздин футзалчылар бир абройлуу турнирден байгелүү кайтса, Ак үйдүн 7-чи кабатына чакырышып, 500 сомдук Кытай сааттарын белеке беришкен экен. Ошондо футболчулар “чыйт” түкүрүп нааразы болуп калышыптыр. Кийинки турнирде плей-оффко чыкчу беттештин жеңишин ар бир футболчуга 800 доллардан тийчүдөй кылып сатып ийишет дагы, утулуп беришет. Мен ойлойм, туура кылышат. Эгер мамлекет өз спортчуларын барктай албаса, бул байкуштар кантип үй-бүлөсүн бакмак эле? Бир эле футболчулар саткан жок. Мен билгенден бир нече балбандарыбыз, мушкерлерибиз алтын медалдарды, коло медалдарды ири суммага баалап сатып жиберишип, оокат-тиричилигин тыңдап үй-бүлөө багып келишет. Айрымдар айтып жатышат футзал боюнча Австралия менен болгон беттеш да сатылып кетти окшойт деп. Мен айттым, дүйнө биринчилигине катышкан ар бир команда 50 миң доллар байге алат ФИФАдан деп. Андыктан, жигиттер сатпайт болчу. Жөн гана тажрыйбанын аздыгы болуп калды. Ошентсе да, Азия чемпиондору болгон Япондорду 6:2 эсеп менен утуу – бул жаңы кыргыз тарыхы болуп китепте калмай болду.
Бул постумдун эң мени кубанткан жери жогорудагы сүрөттө. Ушунчалык ичим жылыды. Көзүмө жаш тегеренип кетти. Кыргызстан командасы Ливан, Сауд-Аравиясы, Иран, Япония, Австралия командалары менен беттешкенде залдагы өзбек күйөрмандар “Кыргызстан!” деп кыйкырып эки атанын балдары бирин-бири колдогондой эле катуу колдоп турушту. Айрым өзбек фанаттардын үндөрү Япония-Кыргызстан беттешинде бүтүп калыптыр. Биздикилер жеңгенде кубангандарын айтпа. Менимче, эгер Азия биринчилиги Бишкекте өткөндө биздин фанаттар кошуналарыбыздын футболчуларын мынчалык колдошмок эмес. Анткени, тарых барактарынын айрым беттеринде конфликтешкен учурларыбыз бар эмеспи. Ушундай ойду элестетип алып уялдым. Эмне үчүн өзбек спортчулары деңгээли, рейтинги жагынан бизден өйдө туруп. биздикилерден кыйын ойношот деген суроого жооп алдым. Көрсө, спортто пейилди кенен коюп, кечиримдүү болуп, жакынкы тууганың болгон кошунаңды көңүл сүйүнтө колдоп турса тээ өйдө жакта турган бирөө деле кой ушул пейли кенендерге ийгилик берейин дейт тура. Ошол себептен Өзбекстан командасы күмүш медаль тагынып, ошол себептен Иран менен теңтайлаша ойногон чыгаар? Пейилди кенен коелу кыргыздар! Мусулман бир туугандар бирин-бири колдоп коюу – бул парз.
Ырахмат, Өзбекстан!!! Башкалар унутса да, мен унутпайм мындай колдоону!!!”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: