Узарбек Жылкыбаев Ысык-Көл областына өкмөттүн өкүлү болуп кеткенден бери анын ордуна келе турчу депутат Аида Касмалиева, “Азаттыктын” мурдагы кабарчысы болууда. Билесиңер, ушул эле СДПК партиясынын аркасы менен депутат болуп барган «Азаттыктын» мурдагы кабарчысы Жанар Акаев СДПК фракциясынын позициясына каршы чыгып, Атамбаевдин атаандашы болгон Өмүрбек Текебаевдин таламын талашууга өттү. Албетте, көчөдө кабар чогултуп жүргөн жигитти бир заматта Ажонун пресс катчысына, анан Жогорку Кеңешке депутат кылган Атамбаев үчүн чычкактай баланын сатып кетиши чоң сокку болду десек болот. Анын үстүнө Жанар Акаевди Икрам Илмиянов көтөргөндүгү, колдоо көрсөткөндүгү да маалым. Мындан улам, ошол эле Икрам Илмиянов дагы бир «Азаттыктын» кабарчысына жол бошотту, Аида Касымалиева деген. Бул дагы Жанар Акаевдин жердештеринен болот. Эми Аида айым СДПКга тирек болобу же, Жанардай болуп сатып кетеби? Деги эле батыштын жемин жеген «Азаттыктын» бийликке келген журналисттерине ишенсе болобу? Аларда позиция, принцип деген жашайбы? Мына ушул суроолор учурда көпчүлүктү ойго салууда. Аларга караганда Мекен үчүн күйгөн, чет өлкөнүн акчасына сугарылбаган, батышчыл эмес кыргызчыл журналисттер Рыскелди Момбеков, Жылдыз Мусабекова партиянын позициясынан чыкпай эле кыргыз элине тоодой кызмат өтөп жатпайбы. Батыштын ырын ырдаган журналисттерди кайсы бир кызматка же депутаттыкка алып келүүдөн Атамбаев эле эмес башка саясатчылар да коркуп калышты көрүнөт…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ