Menu

Ырчы Анжелика: “Ажырашамбы, жарашамбы же көзүм шишип сүрөткө түшөмбү – ал менин маселем. Башыңыздарды оорутпаңыздар!”

Бөлүшүү:

Буга чейин Кыргызстандагы белгилүү ырчы Анжелика күйөөсү Урмат Бекболиев менен ажырашып кеткендиги тууралуу маалымат кээ бир интернет булактарында жарыяланып келген. Буга байланыштуу ырчы өзүнүн инстаграммдагы жеке баракчасына төмөнкүдөй кайрылуу жасады.

“Чыныгы мени жакшы көргөн окурмандарым, инста досторум, бул кайрылуу сиздерге эмес, хейтерлерге!!!

Жашоо – бул кадимки эле аба-ырайы сымал, бирде күндөй жылмайса, бирде бүркөлүп, күркүрөп коркутат.

Билем, менин жеке жашоом ар бириңиздерди аябай кызыктырып, кээде кээ бирлердин тынч уйкусун алып, ойлондуруп жаткан мезгили.

Таң аткандан күн батканга чейин тыпырчылап чуркап жүрүп өзүм тууралуу ушактардан да калып калыптырмын. Урматтын инстаграмда баракчасы бар эле. Ар бир сүрөтүнө негатив жазып, тынчый албаган инсандар Урмат баракчасын жапса да, ушинтип фейк баракчаларды ачып, колдонуучуларды топтоп, баракчаны сатып бизнес кылып тим болбостон, баракчанын ээси катары жеке маалыматтарды жазып, таратууда.

Дагы бир жолу айтаарым, жеке турмушума байланыштуу суроолорго жооп бербейм жана өзүм туура көргөн сүрөт, маалыматтар менен бөлүшөм.

Үч кызымдын тарбиясы, окуулары, өзүмдүн жана Айыманын чыгармачылыгы менен иштеп, “Бактылуу Айым” проектисинин каармандары, “Фешн Хаус” бутигим, “Айым Стайл” сулуулук салонум, мода үйүм, окутуу борболорум менен жана көптөгөн кайрымдуулук иштер менен алекмин.

Ажырашамбы, жарашамбы же көзүм шишип сүрөткө түшөмбү ал менин маселем. Башыңыздарды оорутпаңыздар, суранам. Сиздерге камсанап жатам. Урматым менен Анжелика, сиздин Лика!!!!
Иштей берем жана иштеп жинимди күчтөнүп чыгара берем. Кө-өп сүйлөбөй, ойлонбой иштейлииии!!”, – деп жазды ырчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: