Өзбекстанда оорулуу балага жардам берүү үчүн чогулган акчаны уурдап кеткен киши кармалды.
Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдиргендей, быйыл август айында өзбек жараны оор илдетке чалдыккан баласы үчүн социалдык түйүндөр аркылуу кайдыгер карабаган кишилерден жардам сураган. Операция үчүн 24, 596.000 сум (2600 доллар) чогулган. Кылмышка шектүү баланын атасына чалып,акча котором деп алдап, картасынын кодун сурап алган.
Баланын атасы ага ишенип, банк картасынын кодун айтып койгон. Кылмышкер картадагы номер аркылуу акчаны өз эсебине которуп алган.
Ташкент ИИБи бул факт боюнча кылмыш иши козголгонун, шектүү катары алдамчылык үчүн мурда соттолгон 17 жаштагы ферганалык жигит кармалганын билдирди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ