Menu

«Тойлордун губернатору» Узарбек Жылкыбаев

Бөлүшүү:

Быйылкы жыл президент тарабынан «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыяланганын билесиңер да. Тилекке каршы, көп чиновниктер аймактардын көйгөйлөрүн көтөрө алышпай, элдин нааразычылыгын жарата башташканы жашыруун эмес.

Маселен, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жума сайын Бишкекке каттап, депутаттардын, чиновниктердин, туугандарынын, досторунун тоюнан башы чыкпай жүрөт. Аталган облуста карапайьм калктын турмушу начар, социалдык көйгөйлөр арбын. Бир эсе күздөгү оруп-жыйуу убагындагы кыйынчылыктарды билесиңер. Мына ушундай шартта губернатор элге эмгеги, ишбилгилиги менен үлгү көрсөтүүнүн ордуна шарактаган тойлордун төрүндө отурганы жакшы көрүнүшпү? Бизде жогорку чиновниктер иштебей эле мааракелерде, тойлордо сөз сүйлөшүп, казы-карта, чучуктан чайнап жүрүшсө, кайдагы өнүгүүнү айтабыз? Мындай көрүнүш жалгыз эле Жылкыбаевге тиешелүү эмес, дээрлик баардык жогорку чиновниктерге кулак кагыш кылмакчыбыз. Президент Сооронбай Жээнбеков дал ушундай тойлорго ашкере убактыларын бөлгөн жетекчилерди жазалабаса болбой калды. Булар иштейби, же сайрандай беришеби? Элдин деле кыжыры келип бүттү, дагы кайда?..

Ток этери, Узарбек мырза жума сайын сый коноктун үстүндө болуу үчүн Бишкекке уча бербей, эми шапар тебүүнүн тизгинин тартар бекен? Байкоо салып туралы. «Керегем сага айтам, келиним сен ук» демекчи, баардык курсактуу аткаминерлерге кулак кагыш.’..

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: