Кечээ эле Максим Бакиевдин жанында жүргөн бала бүгүн келип “Улуттук энергохолдингди” башкарып жатат. Мындай пикирин парламенттин бүгүнкү жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.
Депутат бул тармактагы маселелерди чукул арада чечүү керектигин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго эскертти. “Кыргызстанда азыр эң бай адамдар “энергоборондор” болуп калды. Алар уурулук жол менен эмне деген акчаларды жасап жатышат?! Энергетика тармагын сызга отургузгандар азыр Дублинде отурганы менен алардын дубликаттары бул жакта жүрөт. Ширшовдун системасы менен Балкыбековдун балдары иштеп жатат. Бул тармак канча өкмөттүн башын жеди, абайлабасаңыз сиздин дагы башыңызды жейт”, – деди депутат.
Эске салсак, Жогорку Кеңеште бүгүн өкмөттүн отчету угулуп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ