Menu

Токтайым Үмөталиева: «Мага бере турганыңызды берсеңиз, сиздин добушуңузду көбөйтүп коёлу деп компьютерди билгендер келишкен»

Бөлүшүү:

— Токтайым эже, шайлоо деп бир ай тынбай жүгүрүп жүрүп, шайлоо да аягына чыкты. Талапкерлер 14-октябрда эртең кандай жыйынтык болот деп жатышты. Сиз 15-октябрда шайлоонун жыйынтыгын кайсыл жерде карап олтурдуңуз?

— Мен 15-октябрда эл катары өзүмдүн участогум Чоң-Арыкка барып добуш бердим. Кимдер добуш берип жатканын байкап турдум. 14-октябрда элдин маанайы кандай экенин билүү үчүн жөн гана кыдырып жүрдүм. Шайлоонун жыйынтыгын штабда олтуруп алып күттүк. Ош, Жалал-Абадда байкоочуларым бар эле. Ошолорду кысымга алган учурлар болуп, улам телефон чалып жатышты. Ошто бир байкоочумду 12 бала кармап алышып, төпөчтөп коё жаздап, Өмүрбектин кишиси эмес, менин адамым экенин билгенден кийин бошотушуптур. Жашырганда эмне, бул жыйынтыкка ынаганым жок. Себеп дегенде, мен төртүнчү жолу президенттик шайлоого катышып жатам. Элге тааныла электе эле биринчи жолу аттанганымда мындан 10 эсе көп добуш алгам. Бакиевдин доорунда кыйкырып жүргөн кезимде дагы мындан 5–6 эсе көп добуш топтогом. Бул жолу 200 миңден ашуун адамга колмо-кол учурашып жолуктум. Алардын арасында ачка калган адамдар жок. Ошолордун бештен бир бөлүгү добуш бергенде дагы башка жыйынтык чыкмак. 9-октябрда Ак үйдөн кандай маалымат келсе, ошондой рейтинг чыгарган “чөнтөк социологдор” рейтинг чыгара башташкан. Алардын арасында эки аял бар, мурун бейөкмөт уюмдун карамагында болчу. Көңүл келишпей алар чыгып кетишкен. Ошолордун маалыматы боюнча деги эле менин ордум жок болчу. Кудайга шүгүр, дагы миң добуш кошуп коюшканына чоң ырахмат.

— Бул жыйынтык күлкүлүү болдубу?

— Аябай күлкүлүү нерсе болуп жатат. Мен катышкан теледебаттарга дүйнөлүк эксперттерден эң жогорку деген баа берилип жатты. Алардын эсеби боюнча үчүнчү менен төртүнчү орунда бараткам. Көчөгө чыкпаган талапкерлердин артында калсам күлкүлүү нерсе болот да. Бул жеке эле мага берген баа эмес. Кыргызстандын жалпы аял затына берген баалары болду. Мындай механизм менен менин гана добушум уурдалган жок. Ошол эле Сооронбай мырзанын да добуштары уурдалды. Биринчи шайлоого катышкан элдин көрсөткүчүн 42 пайыз деп көрсөтүшүп, андан кийин эптеп 55 пайызга алып чыгышты. Жалпы шайлоочулардын 55 пайызынын экиден бир бөлүгүнүн колдоосуна ээ болду. Ошондо Сооронбай мырза жалпы мамлекеттин бештен бир бөлүгүн камтыган добушка ээ болуп жатат. Тескерисинче, добуш берүү үчүн жер-жерлерде эл 80 пайызга чейин келишти. Ушул кезге чейин шайлоодо шаар ичинде мындай эл добуш берүүгө барганын көргөн эмесмин. Бийлик менен байлыктын тирешүүсү болуп, эл абдан жакшы катышып берди. Биздин алган маалымат боюнча жалпы шайлоочулардын 78 пайыздан көбү келди.

— Сиз компьютерден баарын жайлап койду деп жатасыз. Катуу көзөмөл жүрсө кантип оңдоого үлгүрүштү?

— Эң негизги көзөмөл болгон жок. 9-октябрда “Орион” деген мейманканада чоң чогулуш болгон. БШКнын төрайымы Шайлдабекова өзү уюштурган. Ошондо “Эмне үчүн жер-жерлерге АСУларды кайтаруусу жок алып барып таштап жатасыңар? Каалаган кишилер кирип жатат, алардын жүрөкчөлөрү кайда?” деп суроо бергем. БШКнын төрайымы “Биз жүрөкчөлөрүн берген жокпуз, аппараттын өзүн гана кетирдик. Жүрөкчөлөрүн 11-октябрдан кийин алып барабыз” деген. Мына ошол жүрөкчөлөрдү эч ким текшерген жок. Жүрөкчөлөр негизги серверге байланышат. Кандай маалымат жазылса, ошол маалымат гана чыгат. Мага добуш берүүчү туугандарым катталган участоктордо дагы бирден добуш берип коюшту. Тынчтык үчүн баардык талапкерлер жыйынтыкка макул болуп жатабыз. Теледебатта дагы баардык шартыңарды кабыл алам, чыр чыгарбайм деп айткам.

— АКШнын акыркы президенттик шайлоосунда хакерлер ойноп койду деп айтылып жатпайбы. Бизде дагы ошондой оюн кылгандар болдубу?

— Бизде дагы хакер чоң оюн кылышты. Эми жашыра турган эч нерсе жок да. Мага “Ориондогу” чогулуштан кийин жигиттер келип, “Эже, сиз менен прогрессивдүү балдар сүйлөшөбүз деп жатат” дешти. Келсин, сүйлөшөбүз дегем. Айткан балдар келишти, “Эже, сиздин жыйынтыгыңыз 0,0 пайыз болот” деди. Эмне, сенин көзүң ачыкпы?-дедим. “Көзүм ачык эмес, биртке бере турганыңызды берсеңиз, сиздин добушуңузду көбөйтүп коёлу” деп оозду ачырды. Силер эмне менен ойноп жатканыңарды билсеңер, аман-эсен жолуңарга түшкүлө десем, “Эже, ар кимге, рекламага чачкан акчаңызды бизге эле берип, өзүңүз эч жакка чыкпай деле койсоңуз болот” деп айтып жатышпайбы. Ошолорго биртке тыйын берип койсом, менин пайызым кыйла жогору болмок. Эч жакка барбаган, теледебаттарга минус деген баа алган, ал турсун барбай койгон талапкерлер менден көп добуш алып жатпайбы. Акча сураган механизмдер кол тапшырган мезгилде дагы болгон.

— Канткен менен Сооронбай Жээнбековдун жеңишке жетишүүгө реалдуу мүмкүнчүлүгү бар болчу да?

— Реалдуу карасак, шайлоо экинчи турга кетмек. Өзүбүз жүргүзгөн сурамжылоодо Жээнбеков менен Бабановдун ортосундагы айырма 5–6 гана пайыз болчу. Мындай чоң айырма жок эле.

— Анда Бабанов эмнеден уттурду?

— Бабанов акыркы күндөрү уттурду. Ал өзүнүн жетишсиз жактарынан эмес, кара пиар күчөп, катуу басым болду. Бийлик тараптан шайлоо күнү да ачык-айкын кандай сөздөр айтылганын укпадыкпы.

— Сооронбай Жээнбеков кайсыл муундун ишенимине кире алды?

— “Фейсбукта” олтурган жаштардын 90 пайызы Өмүрбекти колдошту. Бирок, алар компьютерде добуш бергени менен шайлоого барган жок. Сооронбай мырзага орто муун менен улуу муун добуш берди. Алар байлыктан коркушат. Мамлекет иреттүү, стабилдүү болсун дегендер. Шайлоого улуу муун менен орто муун активдүү катышты.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: