Кечээ, 24-мартта Алмаз Атамбаев Бишкектин Иса Ахунбаев жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2004-жылдын 24-мартындагы элдик революцияга арналган гүлбакчага барып, дарак олтургузуп, 24-март элдик революциясын эскерди.
Бул жерде 2005-жылы 24-мартта ыраматылык Мелис Эшимкановдун тарапкерлери чогулуп, парламенттик шайлоодо жеңип алган депутаттык мандатын бербей жаткан Акаевдик режимге каршы нааразычылык акциясын баштаган эле. Ага колдоо иретинде Алмаз Атамбаев келип кошулуп, жалындуу сөз сүйлөгөн жана Эшимкановго биригип ошол жерден Ак үйгө чейин жөө жүрүш жасашкан. Бирок, ошол күнү да эч ким Акаев күтүүсүздөн качып кетип, бийлик куларын билген эмес. Атамбаев депутаттыкка талапкер Мелис Эшимкановду колдоого гана келип кошулган болучу.
Эшимканов менен Атамбаев Ак үйгө жете келгенде ыраматылык Баяман Эркинбаевдин жигиттери делген, башына көк чүпүрөк байланган жаштар Ак үйгө кирип кетип, алардын артынан кирип бараткан жөө жүрүштүн катышуучуларын Атамбаев “кирбегиле, камаласыңар, атыласыңар!” деп кыйкырып, өзү кирбей койгон. Бирок, азыр “киргем, мен революция жасагам” деп айтып жүрөт.
Эми, 20017-жылы 24-мартта ошол, мындан 12 жыл мурун, 2005-жылы 24-мартта Мелис Эшимканов өз тарапкерлерин топтоп, Акаевдик режимге каршы чыккан жерге келип, ал жерди өзүнө энчилеп алгандай, көзү өтүп кеткен кишиге акараат сөз айтканы туурабы?
https://www.youtube.com/watch?v=T5mNQU_dzDw
Видео: Санжар Калматай
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ