«Үчилтик» бириккенден кийин кимиси лидер болору боюнча баш оору жаралган. Көп өтпөй Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев четке сүрүлүп (мурда президенттик шайлоодо жыдыган саясатчылар катары), учурда шанстары жок калганда карайлай башташыптыр. Кайсы күчтөргө кошулуу боюнча суранышып, такымдарын жырта тырмангандай эле образды жаратышканычы? Бир гана айбаты күч Ахматбек Келдибеков бийликке чөгөлөбөй коюп, анын талапкерлиги БШК, Жогорку соттон өтпөй турганы аз күн мурун маалым болду. Айласы куруган Ахмат аке тымызын түрдө Темир Сариев менен масилет куруп, өзү өтпөсө дагы бүгүнкү бийликти чаап түшүүгө бел байлаптыр. Демек, түштүктүн лидери өзүнүн шансы жок экенине ынанып, Темикени бел тутуу менен аламанда сүрөмөкчү болууда. Азырынча ушундай, а жакынкы күндөрү Келдибеков баштаган штабы «Ак шумкарга» баш калкалаганы турганын ишенимдүү өздүк булактар билдиришти…
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ