Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дүйшөн Төрөкулов («Бир Бол» фракциясы) Ош шаардык кеңешинин депутаты Алимжан Байгазаков менен биргеликте Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу “Бир Бол” фракциясынын катчылыгы маалымдады.
Жолугушуунун жүрүшүндө шаарлыктардын социалдык көйгөйлөрү көтөрүлдү. Маселен, медицина тармагындагы кызматкерлерге турак жайлардын курулбай жаткандыгы, жумушсуздук көп болуп жаткандыгына байланыштуу жумуш орундарын түзүүнү колго алуу, жалгыз бой энелердин, майыптардын мамлекеттин жардамына муктаждыктары айтылды.
Жогорку Кеңеш депутаты Дүйшөн Төрөкулов өз сөзүндө шайлоочуларды кабатыр кылган маселелер боюнча тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен иш алып бараарын, бул боюнча тапшырмалар берилерин баса белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ