Menu

Республикалык бюджеттен ЭККК үчүн 48 млн 235 миӊ сом өлчөмүндө кошумча каражат каралат

Бөлүшүү:

Өкмөт Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына (ЭККК) республикалык бюджеттен кошумча 48 млн 235 миӊ сом кароо өтүнүчү менен кайрылууда. Ага Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бүгүн, 27-мартта Каржы министрлигинде өткөн көчмө жыйынында макулдук берилди. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

ЭККК төрагасы Замирбек Осмонов Өкмөт мекемеге экономикалык кылмыштарды тергөө сындуу бир катар кошумча милдеттер тагылып жаткандыгына байланыштуу кызматкерлерге материалдык колдоо көрсөтүү жана мекеменин материалдык-техникалык базасын чыӊдоо максатында кошумча каржат бөлүү чечимине келгенин билдирди.

Депутат Төрөбай Зулпукаров ЭККК алдында өтө жооптуу милдеттер турганын, ошондуктан ал атайын мыйзам негизинде иштөөсү керек экенин баса белгиледи. Ал мыйзам долбоорун даярдоо боюнча биргелешип иштешүүгө даяр экенин кошумчалады.

ЭККК башчысы Замирбек Осмонов мекеме азырынча Өкмөт тарабынан бекитилген Жобо негизинде иштеп жатканын, ЭККК иштөө тартиби боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, ушу тапта ал өкмөт мүчөлөрү менен макулдашылуу абалында экенин белгиледи.

Ал эми депутат Умбеталы Кыдыралиев ЭККК жетекчисин жер-жерлерде иштеген кызматкерлер инвесторлорго кысым көрсөтүп иштетпей жатканын айтып, аларга карата катуу чараларды көрүүгө чакырды. Ал буга Таш-Көмүр шаарында мунайзат иштетүүчү ишкананы курган ишкердин ЭККК кызматкерлеринин кысым жатканын мисал келтирди.

Белгилей кетсек, ушу тапта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында баш-аягы 360 кызмат орду бар.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: