Үстүбүздөгү жылдын 29-мартына белгиленген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук кеңешинин V жыйналышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча 3-апрелге жылдырылды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.
Жыйналышта “2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыктары жана 2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо жөнүндө” маселе талкууланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ