Жергиликтүү тургундар Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы “Жамгыр” алтын кенине кол салышты. Имаратта лабораториянын эки гана кызматкери калган. Азырынча алардын тагдыры белгисиз бойдон калууда.
Алар жергиликтүү тургундар болбогондуктан, куугунтуктоо менен коркутууга кабылышкан. Кол салуу учурунда гана байланышта болушкан. Ал эми Бишкектеги кесиптештери алардын ден-соолугуна тынчсызданып, координациялык кеңештен алардын коопсуздугун камсыз кылууну өтүнүшүүдө.
Ошондой эле, ишкананын өзүнө эмне болгону дагы белгисиз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ