Орусиянын Краснодар крайында «Азаттык» радиосунун орус кызматынын кабарчылары Сергей Хазов-Кассиа менен Андрей Костяновго кол салуу болду. Бул тууралуу алар Фейсбуктагы баракчалары аркылуу билдиришти.
Шейшемби эртең менен Кропоткин шаарына фермерлердин нааразылык акциясын чагылдыруу үчүн барган журналисттер мейманканын кире беришинде беткапчан адамдардын кол салуусуна кабылышты. Алар газ толтурулган баллондорду пайдаланып, журналисттердин компьютерлерин жана башка техникаларын тартып алышкан. Кол салгандар дароо из жашырып кеткени менен, алардын айдап келген автоунаасы дагы деле мейманкананын алдында токтоп турат.
Кол салууга чейин Хазов-Кассиа менен Костянов токтогон мейманканага полиция келип, журналисттердин ошол жакта экенин текшерип кетишкени айтылууда.
Хазов-Кассиа менен Костянов бүгүн Кропоткин шаарында өтө турган фермерлердин жүрүшү тууралуу репортаж даярдап жүрүшкөн. Күн мурун жүрүштүн уюштуруучулары кармалган. Акциянын калган катышуучулары полициянын көзөмөлүндө турушат.
Фермерлер «бийлик менен укук коргоо органдары көрмөксөн болуп жаткан» жерлердин мыйзамсыз басылып алынышына каршылыгын билдирип жатышат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ