Menu

Жогорку Кеӊеш Төрагасы Ч.Турсунбековго Орусиянын А.И.Герцен атындагы мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору наамы ыйгарылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 28-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбековго Орусиянын А.И.Герцен атындагы мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков университеттин Окумуштуулар кеӊешине жана жалпы эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди. Ошону менен катар быйыл белгилене турган окуу жайдын 220 жылдыгы менен куттуктап: “Даӊазалуу тарыхка ээ, белгилүү окуу жайдын Ардактуу профессору наамын алуу мен үчүн сыймык”, – деди.

Чыныбай Турсунбеков кыргыз-орус алакалары көп тармактуу байланыштардан арты менен динамикалуу өнүгүп жатканын, айрыкча Кыргызстан Орусия менен билим берүү жаатында кызматташууга кызыкдар экенин айтты. “Азыркы билим берүү системабыз отуз жыл мурункуга караганда өтө айырмаланып турганы менен башка тармактардай эле бул жаатта да бизди тарыхый тамырыбыз бириктирип турат”, – дейт ал. Жогорку Кеңештин Төрагасы белгилегендей, 2016-2017-окуу жылына карата Орусия Федерациясы Кыргызстандын студенттер үчүн 306 орун бөлгөн.

Андан тышкары, Төрага Чыныбай Турсунбеков А.И.Герцен атындагы мамлекеттик университетте да кыргызстандык студенттер арбын экендигине токтолду. “Ар бир мамлекет билимдүү кадрлар менен гана экономикасын өстүрүп, социалдык абалын чыӊдай алат. Андыктан, Кыргызстан менен Орусия билим берүү жаатындагы кызматташтыкты улантуу менен жемиштүү иш алып баруусу шарт”, – деп кошумчалады Жогорку Кеңештин Төрагасы.

Эске салсак, Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы  КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарында жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар А.Баатырбеков, А.Кодуранова, А.Шадиев, И.Матраимов, К.Иманалиев, М.Сабиров, А.Токторов, И.Сарсейитов, Н.Алимбеков, Е.Строкова, А.Нурбаев, А.Жамангулов, Б.Сулейманов, Д.Исаева, И.Карамушкина, А.Артыков жана К.Орозова бар.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: