Кечээ премьер-министр Абылгазиевдин отчет-программасын уккан депутаттар “Бул киши апрелде бекитилип атканда, шашылыш, даярдыгы жок бекитилип, Исаковдун программаларын эле алып келгени түшүнүктүү болгон. Эми бир жарым айдын ичинде эмне үчүн бир дагы жаңы секирик жасай турчу демилгесин даярдай алган жок?” деп нааразы болушкандарын жашырышкан жок. Чын эле, Абылгазиевдин өкмөтү бир жарым айдын ичинде өзүнүн программасын иштеп, багытын тактай алганга неге жараган жок? Күзгө чейин “тайм аут” берилгени менен чечкиндүү кадрдык кадамдарга президент бара албаса, Абылгазиевдин өкмөтү аброй алып келмек турсун, кайра түздөлүп бараткан кербенди талкалашы мүмкүн.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ