Бүгүн, 20-июндун кечинде Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры (ТЮЗ) көрөрмандарга белгилүү казак жазуучусу жана драматургу Рахымжан Отарбаевдин «Күзгүнүн сыры» пьесасын тартуулайт. Бул тууралу театрдын басма сөз кызматы билдирди.
Ага аталган театрдын директору, КРнын эмгек сиңирген артисти Эгемберди Чалабаев режиссерлук кылды.
Тарбиялык мааниси зор чыгарма эч кимди кайдыгер калтырбайт. Автор бул чыгарма аркылуу ата-бабадан келе жаткан салтты кармануу менен бирге улуттук баалуулуктарды сактоого, бир туугандардын ынтымакта жашоого, күнүмдүк турмушта оңой оокатты издеп келечек урпактардын эртеңки тагдырына балта чаап, наркотиктерден арылууга жана ыйман адепти сактоого үндөгөн.
Театрдын администрациясы оюн бекер көрсөтүлөрүн билдирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ