Ашхабадда 2017-2018-жаңы окуу жылы 1-июлда башталат. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы Билим берүү министрлигиндеги өз булагына таянып билдирүүдө. Маалыматка караганда, азыркы окуу жылын мөөнөтүнөн эрте бүткөрүү тууралуу токтомго дагы кол коюлду.
“Жаңы токтомго ылайык, Ашхабад шаарынын орто мектептеринде окуу жылын 1-июнга чейин бүткөрүү каралган. Жаңы окуу жылы адаттагыдай 1-сентябрда эмес, 1-июлда башталышы керек. Биринчи чейрек августтун аягында жыйынтыкталат. Мындан кийин окуучулар бир ай эс алат. Экинчи чейрек октябрда башталат”,– деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагы. Айрым маалыматтар боюнча орто мектептердеги мугалимдердин эмгек өргүүсү дагы 45 күндөн 30 күнгө чейин кыскарышы мүмкүн.
Окуу жылынын датасын алмаштыруу – Азиада-2017 оюндарын өткөрүү менен байланыштуу. Бийлик иш-чарага окуучуларды жана мугалимдерди тартууну пландап жатат.
V Азия оюндары 2017-жылы сентябрда Ашхабадда өтөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ