Ысык-Көл облусунун Каракол ШИИБнин демилгеси менен кайыр сураган же андан да кыйын оор ишке тартылган өспүрүмдөрдү табуу максатында рейд жүргүздү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, милиция кызматкерлери облустук социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте рейд жүргүзүшкөн. Рейд эки этапта, күндүз жана түнкүсүн болгон жүргөн.
Рейддин жүрүшүндө базарлар, мечиттер, чиркөөлөр жана башка коомдук жайлар текшерилген.
Күндүзгү рейддин жыйынтыгында 6 ата-эне 5 жаш балдары менен кайыр сурап жүргөнү аныкталган. Бардыгы Каракол ШИИБне алынып келинип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Материалдар Каракол шаардык мэриясынын балдар менен иштөө комиссиясына кароого жөнөтүлөт.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ