Жогорку Кеӊеште иштеп жаткан мыйзамдагы карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилей кетсек, БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлчүлүгү билдирүүсүнө караганда, өлкөдө ВИЧ боюнча абал начарлап, илдетти жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон сакталууда.
2017-жылдын 1-январына карата өлкөдө ВИЧ инфекциясы менен 7117 адам катталган, анын ичинде 712 адам бул ооруну былтыр жуктурган.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча ВИЧ тармагында эпидемиологиялык абал курч жана илдеттин көбөйүү тобокелчилиги сакталууда. 2020-жылга карата оор дартты жугузган адамдар 20 миңге жетиши мүмкүн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ