Бүгүн, 20-апрелде КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус боюнча өкмөттүк онлайн брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берди.
-Кыргызстанда чынында эле ПЦР анализ-тесттердин жетишсиздиги байкалып жатабы жана бул маселе кантип чечилүүдө?
-Бүгүнкү күндө ПЦР тест-системалары жетиштүү эле болуп турат. Бул маселе боюнча кошумча сатып алуу жүргүзүлүп жаткан учуру. Азыр 40 миңден ашык ПЦР-тесттер запаста туруп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ