Menu

“Ата Мекен” партиясы мародёрчулук ишке чындап аралашканбы же Текебаев камалгандан кийин унутулуп калган мародёр маселеси көтөрүлүп жатабы?

Бөлүшүү:

Касымбек Райымкул уулу, адвокат:

“АЛДЫН АЛА ЖОРОМОЛДОРДУ АЙТУУ ТУУРА ЭМЕС”
-Тергөө органдары тарабынан Райкан Төлөгөнов камакка алынып тергөө жүрүп жатканына байланыштуу, алдын ала жоромолдорду айтуу туура эмес болуп калат. Негизи2010-жылдын 7-апрелинен кийин бийликке келгендерге, ошондой эле оппозициядамын дегендерге азыр эл анча ишенбейт. Анткени 2010-жылдын 7-апрелинде, андан кийин колунан келгендер мыйзамсыз иштерге барышканы массалык маалымат каражаттарында кенен эле чагылдырылган. Бирок кылмыш иштери да эмнегедир бир тараптуу жүрүп жатат. Кыскасы бул маселеге биз эмес, укук коргоо органдары чекит коёт.

Эдил Байсалов, коомдук ишмер:

“АЗЫР БИР НЕРСЕ ДЕСЕК, ТАБАЛАГАНДАЙ БОЛОБУЗ”
-“Ата Мекен” мародерлукка тиешеси бар болгону боюнча суроолорго жооп берүү азыр кыйынчылык жаратып жатат. Анткени азыр бир нерсе десек, табалагандай болобуз. Бирок учурунда 2012-2013-жылдары аталган иш жабылып калганда менин позициям кыргыз прессасында чагылдырылган. Ошол пикиримден кайтпайм. Башкача айтканда, пикиримди өзгөртпөйм. Болгону азыр ошол иштерди жана башкаларын кайра козготуп, мына “атамекенчилер” дегендей түр көрсөтүп жатышат. 7-апрелде кандай гана кооз-кооз сөздөрдү айтпасын, бирок 7 жылдан кийин мамлекетибиз баягы акыйкатсыздыктын куралы болуп жатат. Ак үйгө барсаңыз азыр 90%дан көбү Бакиевдердин жакын санаалаштары жана жардамчылары. Мен аларды атайын бөлүп же жек көрсөткүм келбейт – бул баягы медициналык тил менен айтканда, баарыбыз шизофрения болуп жатабыз. Айткан сөзүбүз бир, жашаган реалдуулугубуз башка болуп калдьг

Клара Сооронкулова, экс-конституциялык соттун судьясы:

“БУЛ САЯСИЙ ӨЧ АЛУУ”
-Ар бир кылмыш өз убагында ачылышы зарыл эле. Эгер ошол иштин болгону чын болсо, далилдери бар болсо, 7 жылдан бери кылмыш иштин бетин ачпай эмне кылып жүрүштү. Эгер ошол иш болгону чын болсо, кылмышты жашырып, убагында иш козгобогондордун баары жоопкерчиликке тартылышы керек. Жети жылдан кийин кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү да эскирип кеткен. Менин оюмча, жыргаткан далили деле жок. Башкача айтканда, бул жөн эле саясий өч алуу болуп жатат.

Алга Кылычов, коомдук ишмер:

“ШИБЕГЕНИ КАПКА КАТА АЛБАЙСЫН”
-“Шибегени канчалык капка катпа, баары бир ал тешип чыгат”, “бүлүнгөн жерден бүлдүргү алба, алсаң өзүң бүлүнүп каласың” деп кыргызда бекеринен айтылбаса керек. Айтайын дегеним, 2010-жылы канчалаган мекендештерибиз шейит кетип, кандары кургай электе “Ата Бейитте” берген антын унутуп, талоончулук, алдамчылык менен байлык топтогондору далилденсе кечирилгис күнөө болот. Кезинде “Ата Мекендин” көрүнүктүү депутаттарынын балдарынын күнөөлөрү далилденип, сот жоопторуна тартылган. Камакта жаткан Абдылда Юсуповдун ошол кандуу күндөрү “ата-мекенчилер” менен болгону эле көптөгөн суроолорго жооп болот деп ойлойм.

Самсаалы Четинбаев:

ЭМНЕГЕ МУРУН ТЕКШЕРИШКЕН ЖОК?”
-2016-жылга чейин Атамбаев да, Текебаев да бийликте кол кармашып иштешип келди. Экөөсү ошого чейин чыны менен ынак болду. Бул факт. Анан качан гана Текебаев жаңы Конституцияны кабыл алууга каршы чыкканда, “Атамбаев мародерлук кылып, Максим Бакиевдин жерине хан сарай салып алды”- деп элге жарыя кылды. Ызы-чуу ошондон башталды. Эгер “Ата Мекен” чындап эле мародерлук менен алек болгон болсо, 6 жыл эмне кылышты? Эмнеге мурун эле текшеришкен жок? Анткени маселенин баары ушул жерде болуп жатат. Эмнеси болсо да, эсибизге келишибиз керек.

Улукбек Кочкоров, экс-депутат:

“АНЫ УБАКЫТ КӨРСӨТӨТ”
-Азырынча мародёрлук боюнча бир нерселерди айтуу кыйын. Чындап эле “Ата Мекен” партиясы мародёрлук кылганбы же кылбаганбы аны убакыт көрсөтөт.

Бакыт Аманбаев, экс-акыйкатчы:

“УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫ АНЫКТАСЫН”
– “Ата Мекен” партиясы мародёрлукка катышканга тиешеси бар же жок экенин укук коргоо органдары аныкташсын. Биз айтсак туура эмес болуп калат го.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: