Menu

Сапар Исаковду сотко берген Райым Матраимов, а козуткучтар анча эмне дүүлүгүштү?…

Бөлүшүү:

Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун соттошуу процесси коомчулукта чоң резонанс жаратууда. Ооба, ал Сапар Исаковду сотко берди да, себеби, мыйзамсыз жумуштан алынганы боюнча укуктук талаада өзүнүн таламын талашуу боюнча. Кызыгы, кээ бир маалымат булактары «Исаков жумуштан кеткенден кийин сотко берди, бул жерде саясат бар» дегендей шекилде ар кандай жарлыктарды тагышууда. Эскертип коёлу, Исаков премьер кезинде эле Матраимов сотко берген. Дал ушул жерде кандайдыр бир кыянатгык жасоону биз көргөн жокпуз. Негизинен 31-марттагы Алмазбек Атамбаевдин соцку «балп» этмелерине аралаш Райым мырзаны да бир топ каралап, коррупцияга шектүүкатарында көрсөтүүгө далалат жасаган.

Эми мындай: «чапкан сайын көз чыкпайт» деген кыргызда накьш кеп бар. «Эски пластинканы» айландырып эле каралай беришее, акыры аягында чындык айтылышы керек да! Керек болсо дубалды урсаң дагы үн чыгат. Баарыбыз күбөбүз, бута чейин ар тараптуу маалымаТбулактарынан, ошол эле бийлик тараптагылар, жеке коралбагандар, дагы ар кандай саясый күчтөр бир ооздон Райым Матраимовго баткак чачыратып келишкен. Мунун баары кызганыч, коралбастык болчу. Адамды ак жеринен күнөөгө батыруу оор жаза экенин эске алалыКичине тыбырчылабай туралы да. Каарманыбыз жумушунан кеткени боюнча мыйзамдуу алкакта сотко кайрылыптыр. А эмне анча паникага түшүп атасыңар? Сот чечеин! Андан кийинки шартты да көрөбүз эй. Ким эле ьңайсыз саясат үчүн жок жерден өмүр бою караланып отурушу керек? Албетте, келечекке карай дал ушул темада коп саясый жана интригалык сырлар ачылышы мүмкүн… Баарына убакыт дары болот.

Тайлак Назымов

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: