Menu

Абиш Халмурзаев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: “Облустагы ишибиздин көрсөткүчү жакшы

Бөлүшүү:

Биздин гезиттин региондордогу жергиликтүү чиновниктер менен байланышып, элдин ал-абалынан кабар алып турмай жөрөлгөбүз бар. Бул сапар андай “бутага” алыскы Баткендин ыйык Меккеге барып, ажылык милдетин өтөп келген дубан башчысы илинди.

— Абиш аке, адаттагыдай Баткенде жаз мезгилинин башталышы бирин-экин чек ара чыр-чатактары менен коштолду окшойт. Азыр өрүкзарлуу аймакта коомдук, коопсуздук абал кандай? Кошуналардын чек арага бейжай  бастырып кириши көкөйгө тийип бүттү го ээ?

— Эми чек арада быйыл өтө деле чектен ашкан чыр-чатактар болгон жок. Коңшу Өзбекстан менен чек араны тактоо иштери Кудай буюрса бүтүп калды. Ал эми Тажикстан менен бул жааттагы абалыбызды буга чейин президентибиз Сооронбай Шарипович Душанбеге барганда көтөрүп, өкмөттөр аралык комиссиялар учурда эки тараптуу иштерди аркалашууда. Бул комиссияга менин 1-орун басарым да кошулуп барып келди. Коңшу өлкөлөр менен чек араларыбызды делимитация жана демаркациялоо тезирээк аяктаса, коңшуларыбыз менен майда-барат чыр-чатактарга чекит коюлат эле. Алар менен биздеги аныкталбаган тилкелерге “курулуш курулбасын” деген атайын жерлерге курулушту кура коюшуп, жыйынтыгында чыр-чатактар менен коштолуп кетүүдө. Аксай, Ак-Татыр жана Самаркандек, Лейлек районундагы Көк-Таш, Кулунду айыл өкмөттөрүндөгү аймактар шахматтык жүрүштөй болуп калган. Тагыраагы, талаштуу аймактарды аралап өткөн арыктардан мал-жан же тоок учуп өтүп кетсе, балдарыбыз футбол ойноп жатып тобу ары жакка өтүп кетсе деле чыр-чатактар уланып кетүүдө. Негизи көйгөйлүү чатактар чыккан аймактарыбызга облустагы чек ара кызматынын башчысы, күч органдарыбыздын өкүлдөрү менен биргеликте кошуна өлкөлөрдөгү жергиликтүү кесиптештерибиз аркылуу байланышып, жолугуп, кырдаалды жөнгө салып жатабыз. Негизи эле коңшу өлкөлөрүбүз менен талаштуу чек ара тилкелерибиз эртерээк такталып калса, облусубузда тынчтык орноп, тынчып калат элек. Баса белгилөөчү жагдай, биздин облустагы чек арачыларыбызга мамлекетибиз абдан олуттуу мамиле кылышып, социалдык турак жай баштаган керектүү кем-карчтарынын баарысы чечилип, жакшы шарттар түзүлүп жаткандыгы бизди да кубандырууда. Чек арабызда тынчтык болсо жалпы мамлекетибизде, анын ичинен эң биринчи биздин Баткен облусунда бейпилчилик орнойт эле.

— Сиздерде быйылкы жазгы талаачылык иштери кандай болду?

— Жылдагыга салыштырмалуу биздин дубанда быйылкы жаз мезгилиндеги айдап-себүү өнөктүгү 10 күнгө эрте башталды. Облустагы 73 миң аянттагы жерлерибиздин 39 миң аянты айдоо, суулу жерлер болуп эсептелет. Өткөн жылдагыга салыштырганда, биздеги айдоо жерлерибиздин абалы быйыл кадимкидей жакшы десем болот. Мындан тышкары, Кадамжай районубуздагы көп жерлерге эл скважиналарды чыгарып, жүзүм, алча, гилас баштаган өсүмдүктөрдү эгишүүдө. Ишенесиңби үкам, азыр элибиз тек гана иштешибиз керек деп калышты. Жакында Кадамжай районубузга облустун көчмө жыйынын өткөрүп, райондогу өсүмдүктөр менен сүт заводдорун бүтүндөй облустагы дыйкан-фермерлерибизге көрсөтүп, жакшы иш-чараны уюштуруп алдык. Муну менен облус тургундарынын кызыкчылыгын ойготуп алдык десек болот. Азыр облустагы дыйкандарыбыз карлик көчөттөрдү отургузушуп, тамчылатып сугарууга өтүшүп, бул жагына аябай маани берип жатышат. Жайыт комитеттерибизге техниканын түрлөрү да келип жатат. Кыскасы, жаман эмес. Биз эми мындайга тобоо келтиргенди үйрөнүшүбүз керек да. Коңшу Өзбекстан, Тажикстандагы кесиптештерибиз менен эки тараптуу жакшы иштеп жатканыбызды баса белгилеп айта алам.

— Борбордук бийликте кадрдык өзгөрүүлөр орун алып жатканын билесиз. Мурдагы бийликтин тушунда келген губернатор катары сизди алмаштыра турганын айтыша элекпи? Өзүңүздүн бул жааттагы жеке иштериңиз кандай?

— 2016-жылга караганда, былтыркы 2017-жылы салык боюнча облустан эң жогорку көрсөткүчтү камсыздап, 163 миллион сомго көп топтоп бердик. Быйылкы жылдын алгачкы үч айындагы жыйынтыкты жакында өткөрүлгөн облустук кеңешмеде карап, буга чейинки жылдардагы белгиленген убакытка караганда 42 миллионго көп топтодук. Токтоп калган сурьма ишканасы иштеп баштады. Тамеки заводубуз да күжүлдөп иштөө алдында турат. Айтайын дегеним, жогорудагыдай көрсөткүчтөрдү аркалоо менен азыр иштерибиз жакшы. Кызматтан кетер-кетпесимди билбейт экенмин. Кудайдын пешенеге жазган, буюрган убактысына дейре иштейбиз да…

 Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия Ньюс      

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: