Menu

Жалал-Абадда КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын катышуусунда мыйзам долбоорун талкуулаган парламенттик угуу болуп өттү

Бөлүшүү:

 

Бүгүн, 31-мартта Жалал-Абадда КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кенжебек Бокоев жана  Мирлан Бакиров, “Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Азамат Адиловдун катышуусунда “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КРнын мыйзам долбоорлорун, ошондой эле “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамына көзөмөлдүк кылуу маселесин талкуулоо боюнча парламенттик угуу болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Парламенттик угуу жыйынына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, айыл аймактарынын башчылары, жергиликтүү айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттары, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери катышты. Парламенттик угууга арналган жыйынды КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев ачты.

Парламенттик угууда “КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” мыйзам долбоору туурасында КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Кенжебек Бокоев атайын баяндама жасады.

–     Кыргызстанда болуп өткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон шайлоолордо бир катар кемчилдиктерге жол берилди. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгына ылайык 28 майда жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болуп өтөт. Мунун ичинен 19 жергиликтүү кеңештерге кайрадан шайлоолор болуп өтөт жана аны өткөрүүгө  БШКга 23 млн. сом акча каражаты бөлүнүүсү каралууда. Биз сунуштап жаткан мыйзам долбоору КРнын Жогорку Кеңешинде биринчи окуудан өтүп, анын консепциясы кабыл алынды. Ага ылайык айыл аймактарынын башчыларын түз, эл тарабынан шайлануусун туура деп эсептейбиз. КРнын башкы мыйзамы – Конститутция боюнча бийлик элге таандык. Келечекте бул мыйзамдын долбооруна ылайык айыл аймактарынын башчылары гана эмес шаарлардын мэрлерир дагы эл тарабынан түз шайлануусу керек.

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Кенжебек Бокоев мыйзам долбоорундагы айрым өзгөртүүлөр боюнча жыйындын катышуучуларына маалымат берди. Ага ылайык айыл аймагынын башчылыгына талапкер өзүн өзү көрсөтүүсү жана саясий партия көрсөтүүсү мүмкүн. Айыл аймагынын башчылыгына жана мэрликке сунушталган талапкер кыргыз тилин – мамлекеттик тилди билүүсү шарт. Мындан сырткары жергиликтүү кеңештердин жана шаардык кеңештердин депутаттарын 5 жылга шайлануусу долбоорго киргизилген. Депуттардын саны боюнча  6 миң шайлоочусу бар айылдык кеңеште 11 депутат болсо, мыйзам долбоорунда 15, 21 депутат болгон жерде 25 жана 31 депутат болгон жерде 35 депутаттын болушу каралган.  Ошондой эле мыйзам долбоорунда айыл аймагынын башчылыгына койгон талапкер БШКга 30 миң сом күрөө коюлуусу сунушталган. Эгерде талапкер шайлоочулардын 15 пайыз добушун алса күрөө акчасы кайтарылат, эгерде алалбаса ал күрөө каражаты БШКада калат. КРнын Жогорку Кеңешинин сессиясында аталган мыйзамдын биринчи окулуусунда мыйзам долбооруна 78 депутат макул деп добуш беришсе, 41 депутат каршы болгон добуштарын беришкен,- деди КРнын Жогорку Кенешинин депутаты Кенжебек Бокоев.

Аталган мыйзам долбоору боюнча КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Бакиров дагы өз оюн билдирди.

–    “КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы добуш берген 41 депутаттын катарына мен дагы киремин. Биз жергиликтүү бийлик органдарына тикелей шайлоорду буга чейин деле өткөргөнбүз. Кезинде Кытай мамлекетин башкарган Ден Сяопин айткандай “ ак мышык болобу, сары мышык болобу, кара мышык болобу чычканды кармаса болду” деген принципти туура деп эсептеймин. Кыргызстанда 453 айыл аймактары болсо анын 83 пайызы дотацияда турат. Ошондуктан бизге азыр экономиканы өнүктүрүү жолун көздөгөн мыйзамдар керек,- деди КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Бакиров.

Жалал-Абадда өткөрүлгөн парламенттик угууда “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” КРнын Мыйзамын турмушка ашырууга көзөмөлдүк кылуу маселеси боюнча  КРнын Экономика министирлигинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн башчысы Тынысбек Турдубеков маалымат берди.

–     “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестрин киргизүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын оптималдаштыруу” боюнча маалымат берип кетейин. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аныктамасына туура келбеген 13 кызмат көрсөтүү алынып салынып, учурда Бирдиктүү реестрде 374, анын ичинде 226 акы төлөнүүчү жана 150 акы алынбай турган кызмат көрсөтүү киргизилген. Мунун ичинен 274 мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттар бекитилген,- деди КРнын Экономика министрлигинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн башчысы Тынысбек Турдубеков.

Ал эми муниципалдык кызматтар реестри боюнча парламенттик угуунун катышуучуларына КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалык мамилелер боюнча агенттиктик облустагы өкүлү Анарбай Капаров маалымат берди.

–     Муниципалдык кызматтардын 12си кабыл алынды. Буга негизинен административдик жана социалдык кызматтар гана кирип калган. Турмуш-тиричиликти караган муниципалдык кызматтар кирбей калган. Азыркы учурда  25 муниципалдык кызмат КРнын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна киргизилген,- деди  Анарбай Капаров.

Жалал-Абадда парламенттик угуу боюнча өткөрүлгөн жыйында анын катышуучулары тарабынан мыйзам долбоору боюнча көптөгөн суроолор берилди жана аларга канааттандырарлык жооптор алынды. Аталган мыйзам долбоору КРнын Жогорку Кеңешинде 3- окуудан кийин гана кабыл алынат. Бүгүнкү парламенттик угуу жыйынында айтылган ой-пикирлер жана сунуштар мыйзам долбоорун иштеп чыккандар тарабынан эске алынаарына КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Кенжебек Бокоев өз убадасын берди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: