Menu

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Биз 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон баатырлар жөн жерден жанын бербегенин далилдөө менен, аларды эскеребиз.

Бөлүшүү:

«Кыргыз мамлекетинин тарыхындагы эӊ орчундуу окуялардын бири – 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революция. Мамлекетибиздин эртеӊи үчүн эр азаматтарыбыз канын да, жанын да аяган жок. Жүрөгүндө оту, жүлүнүндө намысы бар жигиттер атылган октон корккон эмес», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта, 2010-жылдагы апрель окуясынын жети жылдыгына арналган эскерүү иш чарасында. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Ал 7-апрелдин жеңишин, элдин бийлигин сактап калуу оӊой болгон жоктугун, революциядан кийин да чыдамкайлык, чечкиндүүлүк менен күрөштү улантуу зарыл болгондугун эскертти. Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдан кийин да кыйын учурга туш болгонун, эскиче жашоону эңсеген реваншисттик күчтөр ар кандай аракеттерин жасап көргөнүн кошумчалады.

Ошого карабастан, зор ийгиликтерди жараттык. Элибиздин мүдөөсүн, шейит кеткен баатырлардын тилегин ишке ашыруу боюнча сыймык менен айтылчу жетишкендиктер болду,-деди ал.

Өкмөт башчысы өлкөнүн  экономикасын өнүктүрүү максатында ири долбоорлор ишке ашырылып жатканына токтолду.

«Туӊгуюктан чыгып, транзиттик мамлекет болуу үчүн стратегиялык жолдор салынып жатат. Кытайга, Казакстанга, Тажикстанга кеткен жолдордун курулушу аяктаганы турат. Энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылдык. КАСА-1000 долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашуулар жүрүп жатат.  Жеӊил өнөр жайындагы жана кайра иштетүү багытындагы ишканалар салынууда. Мурда токтоп калган заводдордун айрымдарын кайрадан жандандырып жатабыз. Айыл чарба техникалары лизингге берилип, дыйкандарды колдоо максатында төмөн пайыз менен каржылоо системасына бюджеттен ири суммадагы каражаттар берилип жатат.

ЕврАзЭС мамлекеттеринин көлөмдүү рыногуна чыгуу үчүн зарыл болгон бажы посттору, текшерүү пункттары, лабораториялар курулду жана курулуп жатат. Социалдык чөйрөдөгү реформалар улантылууда. Бюджеттин 50 пайызы социалдык тармакка багытталды. Мектептер, бала бакчалар, спорттук жана маданий объекттер жакшы темп менен курулуп жатат. Былтыр эле 100 мектепти капиталдык ремонттон өткөрүп, 80 билим берүү мекемесин ишке бердик. Акыркы чейрек кылым ичинде мынчалык тез темп менен мектеп куруу эч качан болгон эмес.  Улуттук маданиятыбызды, мамлекеттик тилибизди өнүктүрүү максатын көздөгөн олуттуу иштер аткарылууда. Дин саясатын колго алдык. Мамлекеттин дин чөйрөсүн тейлөөсү ырааттуу жолго бурулду» ,-деди Премьер-министр.

«Ал эми Апрель революциясынын максатын бурмалап, мыйзам сыртында, элден өзгөчө статуста жашоого аракет кылган саясий күчтөр азыр да тоскоолдуктарды жаратууда. Революцияга жамынып, элдин мүлкүн өз олжосуна айлантып, өз көмөчүнө күл тарткандар өлкөдөгү туруктуулукка, калк ичинде ынтымакка залал келтиргенге даяр турат. Мындай учурда ак менен караны так ажыратып, ким эл үчүн, ким өзү үчүн жан талашып жатканын так баамдоо абзел. Ушуга кылдат бололу. Бүгүн да чогуу, бир багытты көздөп, Президентибиздин демилгелерин колдоп, тоскоолдуктарды жеӊишибиз зарыл. Ушул багытыбыз өнүккөн өлкөнү, калыс коомду курууга жеткирет», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Президенттин демилгелерин колдоо менен, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн, бардык тоскоолдуктарга  каршы бирге күрөшүүгө багыт алуу зарыл экендигин билдирди.

«Биз 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон баатырлар жөн жерден жанын бербегенин далилдөө менен, аларды эскеребиз. Биз баарыбыз чогуу гүлдөгөн Кыргызстанды курабыз. Элибизде аманчылык, коомубузда ынтымак, мекенибизде тынчтык болсун»!,-деп жыйынтыктады Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: