Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) жазалоо укуктарынан ажыратылаарын премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев билдирди. Ал өз сөзүндө: «Мен ЖКККБга бузууларды аныктоо укуктарын гана берүү пикирин карманам. Бул аркылуу алар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жооптуу болушат, ал эми таякча менен туруп алып, бузуучуларды аныктоо, пара талап кылуу мүмкүндүгү жоголот», -деп айтты. Буга байлаынштуу эл арасында «ансыз да МАИлерди тоготпогон жарандар, эми такыр киши катарына көрбөй калат» экен деген пикирлер айтылууда. Ал эми Абулгазиевдин демилгеси реалдуу реформага жол ачабы, же популисттик деңгээлде калабы аны мезгил таразалайт.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ