“АКШ дүйнөдөгү жападан жалгыз супердержава, эң бай өлкө. Анын президенти дүйнөдөгү эң чоң кызмат адамы. Январда Барак Обама кызматтан кетет. Ал Вашингтондо 8 бөлмөлүү үйдү ижарага жалдап, ошол жерде жашаймын деп чечти. Дүйнөдө экинчи экономикалык держава бар – бул Германия. Меркель азыр төртүнчү жолу канцлер болсом деп турат. Дүйнөдөгү эң таасирдүү аял, эң таасирдүү саясатчылардын бири. Ал көп кабаттуу үйдө, төртүнчү кабатта квартира ижарага алып жашайт. Айылда шаар сыртындагы үйү бар, бир кабаттуу мансардасы менен кадимки эле биздин карапайым кыргыздын үйүнө окшош. Бул өлкөлөрдө “улуу болсоң кичүү бол” деген баалуулук орун алыптыр. Бул өлкөдө жөнөкөйлүк, жупунулук улуттук идеологиянын, мамлекеттик саясаттын деңгээлине чейин көтөрүлүптүр. Бул элдин жетекчилери элинен ыйбаа кылып, “эл эмне дейт?” деп тартынып, элин сыйлап турат экен”, – деп билдирди Жогорку Кеңештин 16-ноябрдагы жыйынында “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.
“А биздечи? Биз КМШ өлкөлөрүнүн ичинде жарандардын орточо айлык акысы боюнча ар бир адамга 15 доллардан болуп, эң акыркы орунда турат экенбиз. Тажикстан да бизден өтүп кетиптир. Ал эми жаш балдардын өлүмү боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде 1-орунда турат экенбиз. Ошондой эле сырткы карыздын көлөмүн ар бир адамга бөлгөндө да Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында 1-орунга чыгыппыз. Муну кыргыздар “мышык ыйлагыдай заман” деп коёт. Биздин бийликтеги аткаминерлерчи? Алмаз Атамбаев 10 гектар жерге, Аламүдүн суусунун шаркырап агып турган суусунун эки жээгине хан сарай салдырып жатат. Эмне Обама куралбайт беле? Меркель куралбайт беле? Элибиз мүңкүрөп карызга батып турганда “эмне кылып аласыңар?” деп, “ээсин тааныбай эсирген”, элдин пикири менен эсептешпеген бийлик бизде пайда болуптур да. Мындай монументалдык курулушту императорлор, династиянын ээлери курушкан. Өздөрүнүн бийлигинин күчтүүлүгүн, түбөлүктүүлүгүн көрсөтүү үчүн, элди кыңк этирбей баш ийдирүү үчүн курушкан. Мына, бизде кандай идеологияны калыптандырып жатышат. Бул эл менен эсептешпеген, өзүм билемдик менен байлыкка чиренип, мансапка манчыркаган идеология,” – деди Өмүрбек Текебаев.
https://www.youtube.com/watch?v=twUFQQjrhOI
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео: Санжар Калматай
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ