Нарын районунда медициналык бет каптар жана коргоочу костюмдарды тигиле башталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Нарын районунун акими Семетей Черикбаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымы боюнча, акимдин резервдик фондунан бет каптарды тигүү үчүн акча каражаты бөлүнгөн. Куланак жана Дөбөлү айылдарында 4 миң даана бет кап тигилген. Ошондой эле Жерге-Тал айылында демөөрчүлөр 80 тигүүчү машина сатып алышып, жаңы тигүүчү цех ачышкан. Ал жакта беп каптан тышкары коргоочу костюмдар дагы тигилип жатат.
Акимдин айтуусу боюнча, тигилген 4 миң даана бет кап айыл өкмөттөргө бөлүнүп берилип, 12 сомдон сатылып жатат. Жерге-Тал айылындагы тигүүчү цехте 3 миң даана медициналык бет кап тигилүүдө. Социалдык жактан муктаждарга беп каптар бекер таратылууда.
“Жерге-Тал айылындагы тигүүчү цехте 100 коргоочу костюм бар. Аларды бизге өткөрүп беришет, биз болсо, аларды муктаж болгондорго беребиз” – деп айткан Семетей Черикбаев .
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ