Menu

Карамушкинанын Санкт-Петербургдагы форумда сүйлөгөн сөзү тууралуу эл өкүлдөрү эмне дейт?

Бөлүшүү:

Иса Өмүркулов, ЖКнын депутаты, “СДПК” фракциясынын лидери: «Карамушкинанын Санкт-Петербургдагы форумда сүйлөгөн сөзү туура эмес»

— Иса Шейшенкулович, депутат Ирина Карамушкина боюнча коомчулук каттуу талкуу жасап атат. Сиздер эмне унчукпайсыздар?

— Ирина Юрьевна кылмыш кылса бирдеме дейт элек да. Ал кылмыш кылган жок, бирөөнү өлтүрүп же чаап ийген жок. Депутат ар бир биздин жарандай эле сөз эркиндигин пайдаланып сүйлөдү. Бирок саясатчылар сүйлөөдө өтө кылдат болушу керек. Бир аз алдын, артын карап, ойлонуп, салмактап анан сүйлөө зарыл. Карамушкинанын Санкт-Петербургдагы форумда сүйлөгөн сөзү туура эмес. Дагы бир жолу айтып кетем туура эмес. Ал бүгүн парламенттен сөз алып сүйлөп, биздин жарандардан кечирим сурады. Туура эмес айтып алыптырмын деп мойнуна алды. Ал антип айтканы менен бирөөнү таарынтып алайын деген ою болбоптур. Бирок маселе орчундуу болгону үчүн сүйлөнүп калды. “Кыргыз тилдүү балдарды орус тилинде окутуу боюнча волонтёрлорду жиберсеңер жакшы болот эле”- деген сөздү айтыптыр. Ал мойнуна алды, бул туура эмес экенин. Ушуну менен анын темасы жабык десек болот.

— Демек фракцияда моралдык жоопкерчилиги каралбайбы?

— Кылмыш кылса, мамлекетке зыян алып келсе токтоосуз каралмак. Андай болсо күн тартибине коюлмак. Эми бир сүйлөгөн сөзү үчүн кароо болбойт деп ойлойм.

— Ал буга чейин деле улуттук нерселерге тил тийгизип келе жатпайбы?

— Тил, дин, улут маселесине келгенде ар бир депутат кылдат мамиле кылуусу зарыл. Биз Ислам дининдеги жарандарыбызга, улут аралык маселеге келгенде кайсыл гана саясатчы болбосун аяр мамиле жасашы зарыл.

— Карамушкина айткандай орус тили ушунчалык эле кодуланып атабы?

— Орус тилине келгенде расмий тил деп эң жогорку шарттар түзүлгөн. Конституцияда бекитилген. Буга байланыштуу орус тилин сүйлөнбөсүн деп эч ким тыюу сала албайт. Кыргыз тилин сөзсүз өнүктүрүшүбүз керек. Биздин эне тилибиз болуп эсептелинет. Көп улуттуу мамлекет болгондон кийин расмий тилде сүйлөшкөнгө болот, ага эч ким чектөө киргизе албайт. Бүгүнкү күндө практика жүзүндө орусча сүйлөп жатасың деп бирөөнү куугунтуктап, басмырлоо жок деп айтсак болот. Бул жакшы нерсе, бир үй-бүлөдөй жашайбыз. Кыргызстандыкпыз. Ушул мамлекетте жашап аткандан кийин кайсы улут болбосун мамлекетти, Конституция, мыйзамдарды сыйлашыбыз абзел.

— Ошол эле учурда Карамушкина мени эч бир депутат колдобойт деп арызданыптыр? Буга кандай жооп айтасыз?

— Кел маекти ушул жерден токтотолу. Башка сөздөр ашыкча болуп калат.

 

Тазабек Икрамов, ЖКнын депутаты:“Кыргыз мамлекетин жамандап аткан адамдан жакшылык күтүү мүмкүн эмес”

— Тазабек Икрамович, бүгүнкү күндө кесиптешиңиз Ирина Карамушкина Россияга барып алып Кыргызстандагы орус тилинин абалы боюнча көп сөздөрдү айтыптыр. Эгер ал айткандай орус тилине кысым болсо ал депутат болуп олтурбайт эле да, туурабы?

— Туура, кесиптешимдин Россияга барып алып айткан сөздөрүнө кошулбайм. Кыргызстанда 2015-жылдан 2020-жылга карата мамлекеттик тилге өнүктүрүү жана тил саясатын жакшыртуу боюнча улуттук программага ылайык 500 миллион сом каралган. Тилекке каршы бүгүнкү күндө жыйынтыгы жок. 1989-жылдын сентябрынан тарта кыргыз тили мамлекеттик тилдин макамына ээ болгон. Ошондой эле мамлекеттик тил Конституциялык макамга ээ деп жазылып турат. Мындан сырткары бул мыйзамда мамлекеттик же расмий тилди билбегендиги үчүн жарандардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт деп айтылган. Белгилей кетсек мурдагы СССРдин курамына кирген бир дагы мамлекеттерде орус тили расмий тил деп кабыл алынган эмес. Бул бизде гана бар. Бул жерде Россияны сыйлап расмий тил катары кабыл алып олтурабыз. Мамлекетибиздин көп бөлүгүндө орус тилин түшүнөт, сүйлөшөт. Жада калса шаардагы мектептерибиз орус тилинде. Борборубуз болгон Бишкек шаарында 100 мектеп болсо анын үчөө гана кыргыз тилинде иш алып барат. Бул жерде тескерисинче мамлекеттик тил басмырланып жатканын айтсак болмок. Биздин кесиптешибиз Россияга барып алып “Кыргызстанда орус тили басмырланып жатат”-деп жарыялады. Ошол эле маалда коңшу өлкөлөрдө орус тилинде жада калса жарнама же көчөнүн аты жазылган эмес.

— Мисалы кайсы мамлекеттерде?

— Казакстанды, Өзбекстанды карайлы алыс барбай. Кыргызстанда эгемендик алгандан берки тарыхында орус тилдүү калкын басмырлоо жөнүндө бир дагы соттук иш болгон эмес. Бишкекте кыргыз тили көбүрөөк басымга алынып жатат.

— Орус тили басмырланса орус тилдүүлөр депутат болуп олтурмак эмес дегиңиз келип жатабы?

— Ооба, кыргыз тилин билбегендер же Жогорку Кеңеште кыргыз тилин билбеген адамдар депутат болуп келбеш керек эле да. Биздин улуу трибунада Жогорку Кеңеште чыгып орус тилинде сүйлөп жатышат. Аларды кой деген эч ким жок. Болбосо Жогорку Кеңеште кыргыз тили сүйлөнүш керек. Кыргызстан туусу, тили бар эгемендүү мамлекет. Демек, Жогорку Кеңеште башка улуттун өкүлү ким гана болбосун кыргыз тилин билбесе биз аларды мамлекеттик кызматка алып келбешибиз керек. Бул отуз жылдап, элүү жылдап туулганы мындай турсун ата-бабасынан бери Кыргызстанда жашап кыргыз тилин үйрөнбөгөн, кызыктар болбогондорго таң калам. Кайсы мамлекеттин абасын жутуп жашап атасыңбы ошол мамлекеттин каада салтын, тилин билишиң зарыл. Мына азыр Өзбекстанга барыңыз. Ал жакта өтө көп улуттар жашайт. Ошого карабай ким болбосун өзбекче сүйлөйт. Мен аларды бөлбөйм, Кыргызстандын абасын жутуп жаткандан кийин жашаган жерине ар бир адам шүгүрлүк кылышы керек деп айтат элем. Мен тил боюнча айтып чыкканда арасынан “кыргыз тилин үйрөнүп эмне кылам? Кыргызстан көп улуттуу мамлекет”-деп айтышты. Эгер жакпаса мамлекеттен чыгып кете берсин, эшик ачык турат. Биз муну жапа тырмак, Кыргызстанда кыргыз тилин билбегендигине уяла турган, өздөрү кыргыз тилин сүйүп үйрөнө турган кылуубуз зарыл. Мисалы, Турцияга барсаңыз ар бир түрктүн үйүндө өздөрүнүн туусу турат. Баардыгы түркчө сүйлөйт. Анткени алар буга жетишкен. Кыргыз тилинде сүйлөгөн адам мыкты болуп эсептелиниш керек, башка тилдерди андан кийин үйрөнөбүз. Кыргыз тилин пропаганда кылбай ушул темп менен кете берсек 50 жылдан кийин жок болуп кетиши мүмкүн. Кыргызстандагы кээ бир киргиздерибиз кыргыз тилин билесиңби десең билбейм деп чыгышат. Башка улуттагылар мындай турсун.

— Карамушкинанын бул кадамын сиз кандай түшүндүңүз?

— Кыргызстанда жашаганына Кудайга шүгүрлүк айтпаган нашүкүр деп коёт мындай адамдарды. Ушул жерде жашап, меймандостугун, жооштугун пайдаландыбы азыр да түшүнө албайм. Бизде орус тили каалаган жерде сүйлөнөт. Кыргызстанда жашап, балдары төрөлүп, жогорку кызматтардын биринен депутат болуп келип Россиянын мамлекеттик Думасына барып алып Кыргызстанды жамандаганы акылга сыйгыз нерсе. Карамушкинанын фракциясы жалпы кыргыздарды жамандап аткан адамдарды кармап олтурабы? Сөз эркиндиги үчүн туура эмес сүйлөдү деп айтып жатышат. Чоң мамлекетке барып биздин өлкөнү жамандаган адамга кандай чара көрүлөт көрө жатабыз.

— Ал буга чейин эле асылчу эмес беле?

— Кыргыздын улуттук калпактары жөнүндө көп сөздөрдү сүйлөп жаткан. Салттуу дин боюнча дагы сүйлөгөндөн кийин буга чара көрүш керек эле. Кыргыз мамлекетин жамандап аткан адамдан жакшылык күтүү мүмкүн эмес.

— Эгерде Карамушкина Казакстандын же Өзбекстандын депутаты болуп туруп, Россияга барып алып орус тилинин абалы жөнүндө кеп козгосо кандай чара көрүлмөк деп ойлойсуз?

— Алар ошол замат муну жарандыгынан ажыратып, Россиядан мамлекетке киргенге тыюу салып коймок. Бул келип алып кайра беттен алып радиодон, парламенттен, теледен сүйлөп жатат. Уят эле. Фракциясы кандай чечет байкап туралычы.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: