Menu

Жоомарт Оторбаев академияга президент болобу?

Бөлүшүү:

Атагынан чатагы көп Улуттук илимдер академиясында да абал жакшы эмес. Академияда 31-мартта жалпы жыйын болуп, академиянын президенти болгону кызматкерлердин ыркын кетирип, кутун учурганы айтылып келген Абдыганы Эркебаев иштен кетүү тууралуу арыз жазганын билдирди. Аны өзү деле моюнга алып, академиядагы азыркы абалды мышык ыйлаарлык абалда деп баалап, жаштарга орун бошотуп берүү керектигин белгиледи. Бирок ал ортодо «кошоматка кой сойгондор» ортодон чыга калып, Эркебаевди мөөнөтү бүткөнчө иштешин, баштаган реформасын аягына чыгышын айтып жагалданышты. Кайсы реформасын айтып жатканын ошол жердеги катышкандардын көбү түшүнүшкөн жок. Сыягы талкалоо реформасын айтышкан окшойт. Негизи эле академия ичинен интригага толду. Интригадан чыга албай, илимий очогубуз ит эле болду. Мындан улам, президенттикке интригадан алыс, таза адам келишин тилеген академия кызматкерлеринин үнү Кудайга жеткенби, мурдагы өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев жетекчи болоору кеп болуп кетти. Чындыгында Жоомарт Кайыпович интеллигенттүү, иш билги инсан. Анын үстүнө эки жакка көп чыгып, инвестиция тартканга жөндөмү да бар дешет. Мына ушул киши академияны жетектесе неге болбосун.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: