Menu

УКМК эмнеге жанталашты?

Бөлүшүү:

Бүгүн парламентте «Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып жатканда спикер Санкт-Петербург шаарындагы метрону жардырган жанкечти тууралуу маалыматты этиеттеп айтууга чакырды. Спикер бул эскертүүсүн эдиреңдеген Абдил Сегизбаевге айтса болмок. “Биздин Кыргызстандын айрым басылмалары, интернет сайттары ала качып эле “кыргызстандык” деп кыйкырып жатканда, Орусиянын “Биринчи каналы” “ортоазиялык” деп жалпылап айтып жатты. Ошондуктан, бул маселеде өтө этият болуу керек деп ойлойм” дейт спикер. “Жанкечти катары шектелген адам Кыргызстанда туулуптур” деген маалыматты алгач УКМК тараткан. Таратып гана тим болбой, элден мурун энтеңдеп, Россиядагы терактты уюштурган адам Кыргызстанда туулуптур, биз иликтоо иштерин жургузуп жатабыз”- деген. Алардын билдирүүсүн илип алган  “Росбалт” агенттигинин “Санкт-Петербургдагы жардырууну кыргызстандык адам жасаган” деп Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы билдирди” деген маалымат таратып ийген. Кечээ УКМКнын аркасын жаба албай, тышкы иштер министрлиги ал Кыргызстандан паспорт албаганын, кыргыз жараны эместигин билдирген маалымат таратууга мажбур болду.

Кыргызстандын коопсуздук кызматы минтип “өзүнүн ычкырына чалынып” жатканда жардырууну уюштурган адам милицияга өзү келгендиги тууралуу Россиянын ЖМКларынан кабар кетти. Дагы бир шектүү делген казакстандык Максим Арышев тууралуу Казакстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү  Ануар Жайнаков маалымат айтуу эрте деп четке какты. Ал эми Казакстандын коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Нургали Билисбеков Өкмөттүн жыйынында “жардырууну Россиянын жараны уюштурган” деген маалыматты берди. Ошолорчо жокпузбу? Адам кайсы бир жерде туулат. Бирок, ошону далил кылып, дүйнө жүзүндө экстремизм жана терроризм маселеси курч турганда УКМК Акбаржон Жалиловдун Кыргызстанда туулганын бетке кармап, эртелеп маалымат тарата салышынын зарылдыгы бар беле?

Кечээ Санкт-Петербургдагы терактка тиешеси бар деп шектелген Акбаржон Жалиловдун ата-энеси Санкт-Петербург шаарына жеткирилди. Анткени, Акборжандын атасынын паспорту Россияныкы болгондуктан Москванын чакыруусу менен кетишкен. Туш-туштан маалымат кеткенден кийин гана буга чейин энтеңдеп, элден мурун Жалиловдун Кыргызстанда туулганын айтып жар салган  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул маселени Россиянын күч кызматтары иликтеп жатканын, тийиштүү маалыматтарды алардан алуу керектигин айтып чыкты. “Санкт-Петербургдагы жардырууну ФСБ иликтеп жатат, ал эми Кыргызстандын коопсуздук органы тарабынан ар тараптуу жардам берилип жатат” дегенге өттү . Бирок, эмнеге жанталашып, ата-энесинен бери жанталашып шашылыш суракка алып, АКИпресске алардын үйүнүн сүрөтүнүн чыгышына чейин шарт түзгөнүн түшүндүргөн жок. Муну тармактыын одоно катасы катары карообуз керек.

Россия” так ушул Акбаржон Жалилов кылмышка шектүү” деп тааныбагандан кийин УКМК эмнеге жанталашты? “Унчукпаган үйдөй балээден кутулат” болуп унчукпай отура турса же Казакстан сыяктуу эле “маалымат айтууга эрте” деген жоопту бере турса болбойт беле? Же Абдил Сегизбаев Президенттин Россияга иш сапарынын алдында кошомат кылгысы келдиби?

Улуттук коопсуздук кызматы оппозициянын аркасынан опурулуп түшүп алганча ириде мамлекеттин коопсуздугу, кадыр-баркын сактоо деген маселеге көңүл буруп, билип билбей туруп жоопкерчиликти мойнуна ала койбой, так иш алып барышы керек. Кесиптешибиз Абдил Сегизбаев муну туура түшүнүп, алачапмай аракетерин токтотууга тийиш. Болбосо кесипкөйлөргө орун бошотуп, көнгөн “Соросуна” же маалымат катчылыгына барсын. “Бөдөнөнү сойсо дагы касапчы сойсун” дегендей, кесипкөйлөр ката кетирбесе керек.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: