Menu

6 айдан бери COVID-19 оорусунан улам комада жаткан Ноокат районунун дарыгери Бишкектеги Улуттук госпиталга которулат

Бөлүшүү:

Алты айдан бери COVID-19 оорусунан улам комада жаткан Ноокат районунун Барын медициналык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мукарам Ураимова Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталга которулат. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Ноокат районунда COVID-19 менен ооругандарды каттоонун алгачкы күндөрүнөн тартып Мукарам Ураимова кызыл зонада иштеп, бейтаптарды дарылаган жана вирусту да ошол жерден жутуруп алган.

Ал 6-апрелде Ноокат аймактык ооруканасына түшкөн, эки айдан ашык убакыт ангионеврология бөлүмүндө болгон. Андан кийин Ош облустар аралык бириккен ооруканасында дарылануудан өткөн. Облустук оорукананын жетекчилигинин айтымында, дарыгер кээ бир нерселерге реакция жасап, бир аз жылыш бар.

Саламаттыкты сактоо министрлиги премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен дарыгерди андан ары дарылоо үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталга жеткирүү иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Ошондой эле алар, маалымат катары Мукарам Ураимова 200 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм алгандыгын айтышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: