Санкт-Петербургда Кыргызстандын жаранын өлтүрүүгө шектелген эркек менен аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Россиянын ММКлары милициянын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
26-октябрга караган түнү жергиликтүү тургундар Новочеркасский проспектисинде жайгашкан ресторандын унаа токтоочу жайында бир жаранды жыгач таяк менен сабап жаткан адамды көрүшкөн. Андан кийин кол салган адам такси компаниясынын логотиби түшүрүлгөн унаанын рулуна отуруп, айдап кетет. Анын жанында бир аял бар эле.
Окуянын күбөлөрү милицияга кабарлашкан. Укук коргоо органдары шектүү катары 31 жаштагы эркек киши жана 35 жаштагы аялды кармады.
Ошондой эле унаанын багажнигинен сабалган адамдын сөөгү табылган. Анын айдоочулук күбөлүгү 35 жаштагы кыргыз жаранынын атына жазылган. Маркум таксист болуп иштеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ