Тажикстан жана Өзбекстан бийликтери аба байланышы тууралуу өкмөттөр аралык келишимдин бардык пункттары боюнча макулдашты. Эми документтерди эки өлкөнүн өкмөт башчылары жактырышы керек.
Тажикстандын Транспорт министрлиги Ташкенттен Дүйшөмбүгө алгачкы ырааттуу каттам 11-апрелде ишке ашырыла турганын билдирди. Аны «Өзбекстан аба жолдору» компаниясы аткарат.
Буга чейин Ташкент-Дүйшөмбү-Ташкент багыты боюнча алгачкы ырааттуу каттам 4-апрелге белгиленген. Бирок Тажикстандагы өзбек элчиси Шокасым Шоисламов каттам «документтерге байланышкан айрым маселелерден» улам ишке ашпай калганын айткан. Ал бул маселеде саясий себептердин жоктугун белгилеп, каттамдын ачылбай калышына билеттерди сатуудагы көйгөйлөр жана Ташкентте «Сомон Эйр» компаниясынын кеңселерин ачуунун создуктурулуп жатышы себеп болгонун билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ